Соцөнүгүү министринин орун басары Каденова Сеулдагы ызы-чуудан кийин кызматынан бошотулду

Зууракан Каденова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Сеул — Алматы» каттамына мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарган Социалдык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басары Зууракан Каденованы ээлеген кызматынан бошотту.

Мухаметкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы кызматынан бошотуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сеул аэропортундагы окуядан улам премьер-министрден Каденовага карата чара көрүүнү суранган. Каденованын катышуусундагы ызы-чуу ал Сеулдан Алматыга «Эйр Астана» авиакомпаниясынын каттамы менен учушу керектелген күнү 22-сентябрда болгон.

Кыргыз парламентинин депутаты Аида Исмаилованын айтымында, аткаминер өтө эле мас абалында болгон, ошондуктан авиакомпаниянын кызматкерлери аны рейстен алууга мажбур болушкан. Натыйжада учак болжолдуу эки саатка учпай кармалып калган.

Башында каттам кайсыл аткаминердин айынан кармалып жатканы белгисиз болчу. Анын тек-жайын Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов тастыктаган. Каденова өзү да Сеулдун аэропортунда экенин тастыктаган.

Азырынча аткаминердин Түштүк Кореяга дипломатиялык сапар менен барган-барбаганы белгисиз. Айрым бир маалыматтарга караганда, ал Корея тараптын эсебинен ийримдерге барган, ал эми башка версия боюнча, ал кыргыз делегациясынын курамында барган.

Каденова Социалдык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басарлык кызматына дайындалганга чейин Билим берүү министрлигинде ушундай эле кызматты аркалаган.