Жээнбеков Соцөнүгүү министри Таалайгүл Исакунованы кызматтан алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Таалайгүл Исакунованы Эмгек жана соцөнүгүү министрлик кызматынан бошотту. Бул министрликтин жетекчилиги диппаспортторду жеке максатта колдонгону белгилүү болгондон кийин жана мекеменин айланасындагы башка чуулардын шартында болду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Исакунова кызматынан 11-октябрда, берген арызынын негизинде бошотулган.

Исакунова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, эбак эле арыз тапшырган.

«Бир ай мурда эле мындан ары иштебесимди түшүндүм. Башка комментарий бере албайм», — деди ал.

9-октябрда ушундай эле арызды Исакунованын орун басары Лунара Мамытова да бергени маалым болгон. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага азырынча кол коё элек.

Соцөнүгүү министрлигинин жана диппаспорттордун айласындагы чуу

Таалайгүл Исакунова министрлик кызматтан мекемесинин айланасындагы бир нече чырдын шартында кетти.

Башкы прокуратура Исакунова жана анын орун басарлары диппаспортторду жеке максаттарда пайдаланышканын тастыктаган. Ошондой эле, башкы көзөмөл орган Исакунова чет элдик сапарларга премьер-министрдин уруксаты жок чыгып жүргөнүн аныктаган.

Соцөнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет элдик сапарларын текшерүүнү Жогорку Кеңеште КСДПнын өкүлү Аида Касымалиева суранган.

Ал Исакунова менен анын орун басарларын катардагы адистердин ордуна чет өлкөгө барып жүрүшөт, андан тышкары өз үй-бүлөлөрүн чет өлкөгө алып чыгышып, диппаспортторду жеке максатта пайдаланышкан деп айыптап чыккан.

Башка чуу Исакунованын мурдагы орун басары Зууракан Каденовага байланыштуу. Сентябрдын аягында Каденова «ыктымал мас абалда чатак чыгарганы» үчүн «Сеул — Алматы» аба каттамынан алынган. Бул окуя ЖМКда ачыкка чыгып кеткендиктен премьер-министр Абылгазиев аны кызматтан алган.

Авторлошу: Айсымбат Токоева