Жалал-Абадда белгисиз бирөө журналистке кол салды

Санрабия Сатыбалдиева

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү «Malina.TV» ютуб каналынын автору Санрабия Сатыбалдиева 9-ноябрь күнү саат 11:00дөр чамасында жабыркаган. Белгисиз бир адам ага кол салып, изин жашырып кетүүгө үлгүргөн.

Сатыбалдиевага кол салуунун себептери азырынча белгисиз. Ал өз үйүнүн жанында жабыркаган.

Жергиликтүү милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков Сатыбалдиева колунан жаракат алганын жана шаардык ооруканага жаткырылганын айтты.

«Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерде иш алып барууда. Журналисттин кошуналарын суракка алып жатабыз. Сатыбалдиева бычактан жабыркадыбы же башка бир нерседенби аны дайындалган экспертиза көрсөтөт», — деди Турдубеков.

Басма сөз катчысынын маалыматы боюнча, укук коргоо органдары окуя боюнча тергөө иштерин башташты.

Сатыбалдиеванын таанышы журналист колуна зыян келтирген кишини тааныбаганын «Клоопко» айтты. «Анын колун таңып коюшту. Кол салуунун себебин деле билбейт», — деди ал.

Сатыбалдиева 36 миң катталуучусу бар «Malina.TV» ютуб каналынын негиздөөчүсү. Ал кыргыз тилиндеги видеолорду жүктөп, Жалал-Абаддагы күнүмдүк жаңылыктарды жана социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып келет.