ИИМ КСДПнын эсепчисинин өмүрүнө коркунуч жаралып-жаралбаганын текшере баштады

Сүрөт: «Апрель»

ИИМ экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын эсепчиси «өз өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан» чет өлкөгө кетти деп айткандарын текшерип жатат. Атамбаевдин сөзү боюнча, эсепчи учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясынын «көмүскө кассасы» жөнүндө билген.

ИИМдин басма сөз борбору билдиргендей, КСДПнын эсепчиси коомдук желеге Жээнбековдун шайлоодогу чыныгы чыгымдары болушу ыктымал документ жарыяланып кеткенге чейин төрт күн мурда, 2018-жылдын 11-ноябрында, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Негизи сөз Жээнбековдун штабында каржы маселелерине жооптуу жана көп жылдардан бери Атамбаевдин өзүнүн жана анын «Медиа Форум» ишканасынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы тууралуу болуп жатышы мүмкүн.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстандан 18-ноябрда анын баласы Адилет Сатыгулов да чыгып кеткен. Ал президенттик шайлоого чейин бир жыл мурда, 2016-жылы, КСДПнын атынан Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлүгүнө шайлангандыгы менен белгилүү болгон.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Клоопко» билдиргендей, Сатыгулов 20-ноябрда комиссиянын соңку жыйынына катышкан эмес, ал эми анын дарегине карата кандайдыр бир арыздануулар менен коркутуулар тууралуу уккан эмес.

ИИМден ырасташкандай, Атамбаевдин билдирүүсүнө чейин аларга эсепчинин өмүрүнө коркунуч жаралып аткандыгы тууралуу кимдир бирөөлөрдөн эч кандай арыз түшпөгөн. Мекемеден билдиришкендей, эгер Сатыгулова Кыргызстанга кайтып келе турган болсо, анда алар анын коопсуздугун камсыздоого даяр.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда «Апрель» телеканалына маек куруп, КСДПнын бухгалтери Жээнбековдун шайлоо штабынын «көмүскө кассасы» жөнүндө билгенин жана ал өз өмүрү үчүн корккондуктан чет өлкөгө чыгып кеткенин маалымдаган.

Шайлоо штабынын «көмүскө кассасы» жөнүндө маалыматты юрист Нурбек Токтакунов ачыкка чыгарган. Документке ылайык, кампанияны уюштурууга кеткен чыгымдын суммасы расмий маалыматка салыштырмалуу он эсе жогорулатылган. Ал эми талапкердин өзүнүн шайлоо фондундагы акчалардан башка каражат булактарын колдонуу мыйзамга каршы келет.

Атамбаев өз интервьюсунда бул маалыматты «реалдуу документ» деп атап, анын ачыкка чыгышын Жээнбековдун штабынын жетекчилеринин бири болгон өзүнүн жакын үзөңгүлөшү Икрамжан Илмияновдун камакка алынышы менен байланыштырган. Бирок Атамбаев бул документтин «реалдуулугун» тастыктаган эч бир далилдерди көрсөткөн эмес.

Токтакунов өз маалымат булагын ачыктабай, бирок анын булагы Жээнбековдун шайлоо штабына «тиешеси бар болгонун» жана учурдагы да, мурдагы да президент Алмазбек Атамбаевге «ирээнжип» калганын айткан. Ал эми президент Жээнбековдун администрациясы чыгымдар боюнча маалыматты «фейк» деп атап, ага карата комментарий беришпесин айтышкан.

Юрист «көмүскө кассадагы» акчалардын көпчүлүгү шайлоочуларды сатып алууга кеткен деп эсептейт. Анын пикири боюнча, бул президентке импичмент жарыялоо үчүн негиз болуп бералат.