Икрамов: «Кыргыз Темир Жолунун» директорунун орун басарынын экинчи жарандыгы бар

«Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын директорунун орун басары Алымжан Хасанов

Эл өкүлү Тазабек Икрамов «Кыргыз Темир Жолунун» директорунун орун басары Алымжан Хасановдо казак жарандыгы бар экенин айтууда. Икрамовдун айтымында, бул тууралуу ал «интернеттен» билген.

Депутат Хасановдун чет элдик жарандыгы тууралуу 29-ноябрда парламенттин жыйынында билдирди.

«“Кыргыз темир жолу” — бул стратегиялык объект. Аны бул кызматка ким дайындаган? Транспорт жана жолдор министрлиги мындай чечими үчүн жооп бериши керек», — деп келтирет Икрамовдун айткандарын «24.kg» сайты.

Икрамов Хасановдун казак жарандыгы жөнүндө маалыматты интернеттен алганын «Клооптун» кабарчысына курган маегинде айтты. Ал «далилдер бар экенин» кошумчалап, бирок кандай далилдер экенин айтуудан баш тартты.

«Силер ошону билгиңер келип атабы? Тастыкталды, ошон үчүн айттым да», — деп жооп берди Икрамов.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» кабарчысы Хасанов менен да, «Кыргыз Темир Жолунун» жетекчилиги менен да байланыша алган жок.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов» Хасановдун экинчи жарандыгы тууралуу маалыматты «Клооптун» кабарчысына түштөн кийин тактап берүүнү убада кылып, бирок андан кийин телефон чалууларга жооп бербей калды.

Алымжан Хасанов — экинчи жарандыгы бар делип айыпталып аткан биринчи эле аткаминер эмес.

Бир нече күн мурда депутат Ирина Карамушкина да Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовдо орус жарандыгы бар экенин айтып чыккан.

Карамушкина УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылып, Сарыбашов кандайча орус жарандыгын алганын жана кантип Ош шаарынын мэри болуп алганын текшерүүнү суранган. УКМКдан депутаттын билдирүүсү текшерилээрин, бирок качан экенин айтышкан эмес.

Ош мэриясынын өкүлү Азамат Абсаттаров билдиргендей, Сарыбашов Орусияда иштеген, бирок ал жактын жарандыгын алган эмес.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, депутаттар, министрлер, муниципиалдык кызматтын башчылары, судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринде экинчи жарандык болбошу керек. Бул үчүн мыйзамдарда эч кандай жаза көрсөтүлгөн эмес, бирок мамкызматкерлер ээлеген кызматтарынан кол жууп калышы мүмкүн.