Карамушкина Оштун мэринин орус жарандыгы бар экенин айтып чыкты

Ош шаарынын мэри Сарыбашов (ортодо)

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдо Орусиянын жарандыгы бар деп айыптап чыкты. Ал УКМКдан бул маалыматты жана Сарыбашов кантип мэр болуп алганын текшерүүнү талап кылды.

Карамушкина 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик кызматкерлерди текшерүү маалында Сарыбашовдо чет элдик жарандык табылганын билдирди.

«Орусиянын Салык кызматынын сайтында Таалайбек Сарыбашевге 2016-жылдын ноябрында орус паспорту берилгени жазылган. Азыркы туруктуу жашаган жери Новосибирск деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, Орусиянын Федералдык салык кызматы аны орус жараны катары билет», — деп келтирет «Азаттык» Карамушкинанын айткандарын.

Орусиянын Федералдык салык кызматынын сайтынан чындыгында эле Таалайбек Сарыбашов жөнүндө маалыматты, андан тышкары, анын ИИНнин тапса болот.

Карамушкина УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылып, Сарыбашов кандайча орус жарандыгын алганын жана кантип Ош шаарынын мэри болуп алганын текшерүүнү суранды.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, депутаттар, министрлер, муниципиалдык кызматтын башчылары, судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринде кош жарандык болбошу керек. Бул үчүн мыйзамдарда эч кандай жаза көрсөтүлгөн эмес, бирок мамкызматкерлер ээлеген кызматтарынан кол жууп калышы мүмкүн.

Депутат «Клооптун» журналистине курган маегинде кош жарандыкка ээ болуп-болбогондорду текшерүүдө бардыгына «бирдей мамиле болушу керектигин» айтты.

«Эмне үчүн Кулматов (орус паспортун мыйзамсыз алууга айыпталган Бишкектин экс-мэри) абакта, а Сарыбашов болсо эркиндикте?» — деп кошумчалады ал.

УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов «Клооптун» кабарчысына ведомстводо депутаттын билдирүүсү «сөзсүз текшерилээрин», бирок качан экендигин айткан жок.

Ал эми Ош шаар мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров шаар башчысы чындыгында эле 2000-2002-жылдары Новосибирскте иштегенин, бирок эч качан орус жарандыгын албаганын «Клоопко» айтты.

«Бул Сарыбашовдун өзүнөн мага белгилүү болгон маалымат. Ал эми Карамушкинанын билдирүүсү менен коомдук желедеги маалыматтар боюнча УКМК териштирсин», — деди Абсаттаров.

Бул Ош шаарынын мэри кош жарандыгы бар экени тууралуу биринчи эле маалымат эмес. 15-ноябрда фесбуктагы «Компромат KG» тайпасында болжолдуу Орусиянын Ички иштер министрлигинен алынган документтин көчүрмөсү чыгарылган.

Анда Сарыбашовго орус паспортун Новосибирск облусу боюнча миграциялык башкармалыгы бергени, ал эми анын Орусиядагы дареги Новосибирсктин Лесков көчөсү 173 деп көрсөтүлгөнү айтылган.

Сарыбашов кош жарандык бар делип айыпталган биринчи эле аткаминер эмес. Буга чейин Бишкектин экс-мери Кубанычбек Кулматов орус жарандыгын мыйзамсыз алган делип айыпталган.

Авторлоштору: Асел Талгатбек, Рустам Халимов