Дүйшөнбек Зилалиевдин декларацияга кирбизилбеген мүлкү табылды

Дүйшөнбек Зилалиев

УКМК кармалган экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин декларацияга киргизилбеген батирлери, жер участоктору, үйлөрү, кеңсе жайлары жана 889 миң долларын тапты. Зилалиев 9-декабрда Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет жасаганы менен аны укук коргоо органдары кармап алышкан.

УКМК Зилалиевдин декларацияга кирбеген активдеринин өлчөмү 2011-жылдан 2017-жылдарга дейре берилген расмий декларациясынан он эсе жогору экенин аныктаган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Зилалиевдин жана анын жубайынын расмий кирешеси жети жылда дээрлик 3 млн сомду түзгөн. Бирок атайын кызмат мурдагы вице-премьерден туугандарына катталган жалпы баасы 52 млн сомду түзгөн Бишкектеги эки кеңсе жайын тапкан.

Андан тышкары, атайын кызмат Зилалиев 2013-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп турган кезде өзүнүн жумушсуз тууганына алтын жана акиташ өндүрүүгө бир нече лицензияны тариздетип бергенин аныктаган.

Ошондой эле, кармалган аткаминерден 2018-жылдын сентябрына чейин Кыргызстандын банктарынын биринде сакталып, декларацияга киргизилбеген 889 миң доллар табылган.

Азыр мурдагы вице-премьер УКМКнын тергөө изоляторунда камакта. Ал мыйзамсыз байыган делип айыпталууда.

Зилалиевди кармоо

Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьер-министр болуп иштеген Дүйшөнбек Зилалиев 9-декабрда «Манас» аэропорту аркылуу Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылган. Бирок аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап алышкан.

Зилалиев президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү өкмөттүк жолдо бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн шарттуу мөөнөткө соттолгондугунан улам Кыргызстандан чыгып кете алмак эмес.

Мурдагы вице-премьер-министр өз аракети үчүн эки жылга жатак абагына камалышы мүмкүн болчу. Мындай жазаны сотто мамлекеттик айыптоочу талап кылган. Бирок мурдагы аткаминер күнөөсүн мойнуна албай, айыптоону «болбогон нерсе» деп атаган.


ТЕМА БОЮНЧА:

Зилалиев «бомба» тууралуу жалган маалымат үчүн күнөөлүү деп табылды