Маданият министрлиги кыргызстандыктар үчүн үнөмдүү тойдун сценарийин иштеп чыгууда

Бишкектин тарых музейинин шыбындагы кыргыздардын үйлөнүү үлпөт тоюн чагылдырып турган советтик панно.

Маданият министрлиги жеке тойлорду өткөрүү үчүн универсалдуу сценарийди иштеп чыга турган жумушчу тобун түздү. Министрлик ушинтип жарандарды майрамдардагы ысырапкорчулуктан коргогусу келет.

Тойлор үчүн сценарийди иштеп чыгуунун үстүндө министрликтин алдындагы атайын жумушчу топ аракет көрүүдө. Ал салтанатка канча конок чакырса болоорун, дасторконго канча тамак-аш коюу керектигин жана той ээлерине канча акча берсе болоорун эсептеп чыгат.

Министрликтин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева «кыргызстандыктардын көпчүлүгү» финансылык мүмкүнчүлүктөрүн туура ченебей эле той өткөрө беришээрин «Клооптун» журналистине айтып берди. Ошондуктан Маданият министрлиги той жана үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүү үчүн универсалдуу сценарий иштеп чыгууну чечкен.

«Тойлор үчүн эл кредит, карыз алат. Эгер бул нике кыюу болсо, анда [анын уюштуруучулары] карыз алып, андан кутула албай чет өлкөгө иштегени кетип жатышат. Бул курч маселе», — деп түшүндүрдү Асанбаева.

Ал кошумчалагандай, тойлордун универсалдуу сценарийи «сунуштама мүнөзгө» ээ болот.

Маданият министри Азамат Жаманкулов жумушчу топ эки гана жыйын өткөргөнүн жана азырынча тойлордун «идеалдуу вариантын» таба электигин айтты.

«Менимче, январдын аягына чейин бир нерсе сунуштай алабыз деген ойдомун», — деп кошумчалады министр.

Тойлор жөнүндө мыйзам

Өлкөдө кыргызстандыктардын үйлөнүү үлпөт жана башка салтанаттарга карата чыгымдарын көзөмөлдөө жөнүндө маселе биринчи эле жолу айтылган жок. Мисалы, экс-депутат жана мурдагы башкы прокурор Аида Салянова аткаминерлер менен мамкызматкерлер жарандарга үлгү болуп, өз салтанаттарында коноктордун санын чектеши керек деп эсептейт.

«Мен жөнөкөй адамдар аткаминерлерден үлгү алышы керектигин жакшы эле түшүнүп турам жана мен үлгү болууга даярмын. Баламды үйлөнтүп жатканда анын тоюна прокуратура органдарынан эч ким келген эмес. Болбосо, мен өзүм башкы прокурор болгом», — деп билдирген Аида Салянова.

Салянова Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган кезде аткаминерлер менен мамкызматкерлер өз салтанаттарын кандай өткөрүп аткандыгын көзөмөлдөй турган «Салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болгон. Бирок 2016-жылы июлда парламент аны четке кагып койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыздардын той-аштарындагы кошумча берүү салты кандай иштейт?

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт