Кыргызстанда бизнес-омбудсмен пайда болот. Ал бийликтегилер менен болгон талаш-тартышта ишкерлерди коргойт

Иллюстративдүү сүрөт. mindandi / Freepik

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлердин укугун коргогон бизнес-омбудсмен институтун түзүү боюнча токтомго кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, бизнес-омбудсмен маморгандар менен болгон талаштуу маселелерде ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт.

«Бизнес-омбудсмендин өзүнүн катчылыгы болот. Катчылык ишкерлердин кайрылууларын жана даттанууларын карап чыгат. Бизнес-омбудсмен менен катчылык мамлекеттик орган болуп эсептелбейт жана аларга отчет берүүгө милдеттүү эмес», — деп министрлер кабинетинин пресс-релизинде айтылат.

Бизнес-омбудсмен институту — өкмөт өкүлдөрүнөн, өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн жана бизнес-ассоциациялардан турган байкоо жүргүзүүчү кеңешке баш ийет.

Аталган кызматка өз талапкерлигин Кыргызстандын жараны гана эмес, чет өлкөлүк адам дагы кое алат. Бизнес-омбудсменди беш жылга тандашып, анын ишин өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр каржылайт.

Бизнес-омбудсмендин ишин кайсы уюмдар каржылайт — так билине элек, бирок Кыргызстанда өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн кеңеши бар. Ал кеңешке USAID, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду, «Сорос» фонду жана башкалар кирет.

Азырынча кыргыз ишкерлери бизнес-омбудсмен кызматына базарлар жана соода түйүндөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревдун талапкерлигин көрсөтүп жатышат .

«Бизнес субъектилердин укуктары жана эркиндиктери бузулса, чындыгында алар кайрыла турган орган жок. Кадимки омбудсмен институтуна ишкер барбайт — анын функциялары башкада. Эгерде бизнес-омбудсмен бар болсо, ал бул кенемтени жок кылмак», — деп Сергей Пономарев Vesti.kg порталына билдирди.

Тамак-аш өнөр жай ишканалар ассоциациясынын аткаруучу директору Диляра Алимжанова «Клооптун» журналистерине курган маегинде, ушундай институттун пайда болушу бизнеске жардам берет, анткени учурдагы омбудсмен бардык жумуштарды чогу алып кете албайт деп билдирди.

«Бул кызматтын бизге зыяны жок деп, кереги тиймек деп айтат элем. Ал мамлекеттик орган эмес, мамлекеттин эсебинен каржыланбайт. Бул бардык маселелерди чогу караган жөн эле омбудсмен эмес», —деди Алимжанова.

Зергерлер ассоциацынын президенти Вячеслав Стрельников дагы ушундай ойдо — анын айтымында, жаңы омбудсмен маморгандар менен болгон кичи бизнестин маселелерин чечүүгө жардам бере алмак.

Авторлошу: Анастасия Шевченко