Ош мэри Орусиянын жарандар маалымат базасынан табылбай калды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов (ортосунда)

Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов Орусиянын жарандар маалымат базасынан чыкпай калды — 2018-жылдын ноябрында эле мэрди орусиялык салык кызматынын базасынан табууга мүмкүн болчу.

Орусиянын федералдык салык кызматынын сайтынан Ош мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынын издөө сурамы боюнча жыйынтык табылган жок.

2018-жылдын ноябрында эле бул сурам боюнча Сарыбашов тууралуу маалыматтарды, анын ичинде салык төлөөчүнүн индентификациялык номурун (ИНН) дагы чыгарып берчү.

Ошол учурда депутат Ирина Карамушкина бул маселени парламентте көтөрүп чыккан. Ал Сарыбашов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине кайрылып, Оштун мэринин кош жарандуулугун текшерүүнү талап кылган.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, депутаттар, министрлер, жергиликтүү кызматтардын башчылары жана укук коргоочулар эки жарандыкка ээ боло алышпайт. Мыйзамда бул үчүн эч кандай жаза каралган эмес, бирок мамлекеттик кызматкерлер иштен алынышы мүмкүн.

УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов Карамушкинанын арызы сөзсүз текшерилет деп убада берген. Бирок 9-январда улуттук комитеттен «Клооптун» журналистине маалымдашкандай, бул иш менен алар алектенүүгө милдеттүү эмес. Анткени менен УКМКдан журналистке кат түрүндө сурам жөнөтүүнү айтышкан.

Мэрдин өкүлү Азамат Абсаттаров, Сарыбашов бир нече жыл Новосибирскте иштегенин, бирок орус паспортун эч качан албаганын кабарлаган.

Бул Ош мэринин экинчи жарандыгы болушу мүмкүндүгү тууралуу биринчи билдирүү эмес. 15-ноябрда «Компромат KG» фейсбук тайпасында Орусиянын болжолдуу Ички иштер министрлигинин документтеринен көчүрмө жарыяланган.

Көчүрмөдө жазылгандай, Сарыбашовго орус паспортун Новосибирск облусу боюнча миграциялык башкармалыгы берген. Ал эми анын дареги Новосибирск, Лесков көчөсү 173 деп жазылган.