«Айка» тасмасы «Оскарга» номинант болбой калды. Кыргызстандагы премьерасы февралда болот

«Айка» тасмасынан бир кадр

Американын киноакадемиясы 22-январда «Оскардын» «Чет тилдеги мыкты фильм» сыйлыгына көрсөтүлгөндөрдүн тизмесин жарыялады. Режжиссер Сергей Дворецкийдин кыргыз мигрант кызы тууралуу орус-казак «Айка» лентасы ага номинант болбой калган. Буга чейин ал номинанттардын шорт-листине өткөн.

• «Чет тилдеги мыкты фильм» номинациясына беш талапкердин беш тасмасы өткөн:

• «Капернаум» (Capernaum, Ливан);

• «Кансыз согуш» (Cold War, Польша);

• «Авторлугу жок иш» (Never Look Away, Германия)

• «Рома» (Roma, Мексика)

• «Дүкөн уурулары» (Shoplifters, Япония).

Казакстандын «Айка» тасмасы буга чейин номинациялардын кыска тизмесине кирген. Ал башка тогуз тасманын ичинен Борбордук Азиянын жалгыз тасмасы болгон.

2018-жылдын майында «Айка» тасмасында башкы ролду ойногон Самал Еслямова Канн кинофестивалында эң мыкты аял ролу үчүн сыйлык алган.

«Айка» — Москвада мыйзамсыз иштеп жана жашап жүргөн кыргызстандык жаш мигрант кыз жөнүндө курс социалдык драма.

«Төрөттөн кийин алсырап, ачка жана суукка тоңгон кыз ар кайсы кара ишке тартылат. Анын мойнунда насыя болот, ал эми насыя талап кылгандар анын артынан сая түшүп алышып, туугандарын мыкаачылык менен жазалайбыз деп коркутушат», — деп сүрөттөгөн бул тасманы Эл аралык кинопресса федерациясынан Гүлбара Төлөмушова.

«Синематика» кинотеатрлар тармагынан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, Кыргызстанда «Айка» тасмасы февралдын биринчи жарымында көрсөтүлөт. Тасманы «Ала-Тоо» жана «Вефа» кинотеатрларында көрүүгө мүмкүн. «Чоң кинотеатрларда көрсөтүү боюнча премьерага жакын чечилет», — деп билдирди компаниянын маркетологу Диана Ниязов.