Керим Турапов Опера жана балет театрынын башчылыгына дайындалды

Бишкектеги Опера жана балет театрынын директорлук кызматына опера ырчысы Керим Турапов дайындалды. Мурдагы жетекчи Болотбек Осмонов театрдын имаратында «Дота 2» компьютердик оюну боюнча өткөрүлгөн турнирге байланыштуу ызы-чуудан улам кызматынан кеткен.

Тураповдун дайындалышы жөнүндө жарлыкка 31-январда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Опера ырчысы 2000-жылдан тарта 2007-жылга дейре улуттук Филармониянын директорлук кызматын аркалап, бирок кийинчерээк Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангандыктан кызматынан кеткен. Парламентте ал 2007-2008-жылдары иштеп, андан соң кайра Филармонияны жетектей баштаган. Кийинчерээк Турапов Асанкан Жумакматов атынданы симфониялык оркестрдин вокалист солисти болуп иштеген.

Ал эми Болотбек Осмонов Опера жана балет театрынын башчылыгынан кетип жаткандыгы тууралуу бир күн мурда белгилүү болгон . Ал 19-январда театрдын имаратында «Дота 2» компьютердик оюну боюнча өткөрүлгөн турнирге байланыштуу ызы-чуудан кийин кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуулаган, айрымдар турнирди театр үчүн «кап-каяктагы иш-чара» деп аташып, башкалары директорду колдоп чыгышкан.

Маданият министри Азамат Жаманкулов 21-январда Осмонов жазаланаарын, мындан ары «ушундай нерселерге тыюу салаарын» билдирген. Театрдын директору министрдин позициясына макул болбой, «Дота 2» — бул интеллектуалдуу оюн деп билдирген.