Башкы прокуратура ЖЭБди жаңыртуудагы Атамбаевдин ролун текшерет

Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуудагы коррупция боюнча иште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аракеттерине баа берет. Атамбаевдин учурунда Кыргызстан Кытайдын ТВЕА компаниясы менен 386 млн долларга жылуулук борборун жаңыртуу тууралуу келишимин түзгөн.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 14-февралда Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияны териштирүү иштеринин жүрүшү тууралуу парламенттин депутаттарынын алдында отчёт берип жатып Атамбаевдин текшерилүүсү тууралуу жарыялады.

«Алмазбек Атамбаевге тиешелүү материалдар өзүнчө иликтенет. Аларга укуктук баа берилет», — деп келтирет Жамшитовдун айткандарын 24.kg басылмасы.

2018-жылы май айында ЖЭБди жаңыртууга кеткен чыгымдарды текшерген депуттаттык комиссия өз корутундусунда көрсөткөндөй, Атамбаев президент болуп турган кезде Бишкек ЖЭБди жаңыртуу тууралуу келишимге кол коюудагы өкмөттүн ишмердигине кийлигишкен.

Комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев анда Атамбаев ЖЭБди жаңыртуу маселеси боюнча көрсөтмөлөрдү түз берип турган деп билдирген.

Кыргызстан жылуулук борборун жаңыртууга Кытайдын «Эксимбанкынан» алган 386 млн долларды сартптаган. Ал эми жаңыртуу ишин кытайдын ТВЕА компаниясы аткарган.

2018-жылдын январында ЖЭБде болгон авариядан кийин үч кылмыш иши козголгон. Алар боюнча сегиз мурдагы аткаминер камакка алынган, алардын ичинде экс-премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев жана мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бар.