Бишкектин судьясы акчаларды ыйгарып алууга жана 1000ден ашуун документти жок кылууга айыпталууда (ал өлкөдөн качып кеткен болушу мүмкүн)

Эрнис Чоткараев. Сүрөт: who.ca-news.org

Бишкектин Октябрь райсотунун экс-төрагасы Эрнис Чоткараев алдамчылык жана 4,7 млн сомду өзүнө ыйгарып алууга, андан тышкары, 1000ден ашуун административдик материалдарды жок кылууга айыпталууда. Ал өлкөдөн качып кеткен болушу ыктымал. Атайын кызматтар тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу маалыматты тастыктап да, четке да какпай жатышат.

Башкы прокуратура Октябрь райондук сотунда административдик документтерди жок кылуу жана акчаларды ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин 2018-жылдын октябрында эле козгогон.

Бирок бул иш жөнүндө Башкы прокуратура 7-мартта сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлагандан кийин кайрадан айтып чыга башташты.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, судья Эрнис Чоткараев өзүнүн жардамчысы Дүйшөн Алмас уулу жана соттун башка кызматкерлери менен кошо 2015-2018-жылдары 4,7 млн сомду өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, сот кызматкерлери 2017-2018-жылдары 1395 административдик материалдарды жок кылышкан.

Азыр Чоткараев кай жакта экени так белгисиз. Айрым кыргыз басылмалары судья, кылмыш иши козголгонго дейре, 2018-жылы сентябрда эле АКШга учуп кеткенин жазышууда.

«Клооптун» журналисттери Чоткараев өлкөдөн качып кеткенин тастыкташ үчүн УКМКга сурам жөнөтүшкөн. «Учурда УКМК органы тарабынан тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн алкагында суралып аткан маалыматты азырынча бере албайбыз», — деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

Азырынча Чоткараевден кол тийбестик гана алынганы менен учурда ал судьялык кызматты ээлөөнү улантууда.

Учурда бул иш боюнча болгону бир эле шектүү кармалган. Ал судьянын жардамчысы Дүйшөн Алмас уулу. Азыр ал №1 тергөө изоляторунда кармалууда.