Баткен: Прокурордун орун басары 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Баткен райондук прокурорунун орун басарын 20 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрдү. Маалыматка ылайык, прокурор ишти оң жагына чечип берүү үчүн Өзбекстандын жаранынан акча талап кылган.

Баткен шаарында Өзбекстандын эки жараны ижарага алган үй 13-январда өрттөнүп кеткен. Соттук-өрт-техникалык экспертиза дыйындалып, анын жыйынтыгы өрттүн келип чыгуусуна электр зымдары себеп болгонун көрсөткөн.

Баткен шаардык милициясы аталган окуяда кылмыштын курамы жоктугун белгилеп, чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн аныктоо үчүн ишти Баткен райондук прокуратурасына өткөрүп берген.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 12-мартта райондук прокурордун орун басары Өзбекстандын жарандарынын бирин чакырып «жумуш кылганга уруксат берүүчү документиң жок» деген шылтоо менен маселени оң жагына чечип берүүнү убада кылып, материалдык жактан баюу максатында андан 30 миң сом талап кылган.

«2019-жылдын 14-мартында Өзбекстандын жараны Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Анын арызы сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн», — деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат Башкы прокуратуранын ички тергөө бөлүмү менен биргеликте өткөргөн иш-аракеттердин негизинде 16-мартта Баткен райондук прокурордун орун басарын 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган.

Кармалган прокуратуранын кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери уланууда.