Астана эми Нурсултан деп аталат — Казакстандын парламенти жаңы президенттин идеясын жактырды

Нурсултан. Сүрөт: «Информбюро.kz»

Казакстандын парламентинин депутаттары жаңы президент Касым-Жомарт Токаевдин борбор калаанын Астана деген атын Нурсултан деп өзгөртүү боюнча идеясын бир добуштан колдоп беришти.

«Сенаттын 43 депутаты, мажилистеги 103 депутатынын бардыгы макул болду. Ошентип, урматтуу кесиптештер, тарыхый чечим кабыл алынды», — деп Казакстан парламентинин төрагасы Руслан Нигматулиндин айткандарын Tengrinews басылмасы келтирет.

Ал Казакстандын президенти парламент бул чечимди референдумсуз эле кабал алаарын чечкенин, ал эми Конституциялык кеңеш муну мыйзамдуу деп атаганын билдирди.

Эми шаардын атын алмаштыруу жөнүндө документке бул идеянын демилгечиси болуп калган президент Касым-Жомарт Токаев кол коюшу керек. Ал бул демилгени өлкөнү 30 жыл башкаргандан кийин 19-мартта өзүнүн президенттик кызматтан кетип жаткандыгын жарыялаган Нурсултан Назарбаевдин «атын түбөлүккө калтыруу» муктаждыгы менен түшүндүрдү. Назарбаевдин айтымында, ал өлкө үчүн колдон келген «бардык нерсени» жасаган жана өз саясатынын башатына Казакстандын экономикасын койгон.

Бирок Назарбаев саясаттан кетпей эле. Ал Казакстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы жана парламенттеги көпчүлүк депутаттардын мандатына ээ болгон «Нур Отан» партиясынын төрагасы бойдон калат. Назарбаев Казакстандын 1990-жылдан тарта алмашкыс президенти болуп келген.