Өлкөнүн түштүгүндө ИИМдин «Бирдиктүү терезеси» ишке кирди. Эми аныктама алуу оңой болот

Ош шаарындагы борбордун ачылышында. Ортодо өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев. Сүрөт: Ош ОИИБнын маалымат кызматы

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ички иштер башкармалыктарында 21-марттан тарта «Бирдиктүү терезе» борборлору иштей баштады. Бийлик өкүлдөрү аталган система коррупциянын алдын алып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат деп ишендирет.

«Бирдиктүү терезе» деген эмне?

«Бирдиктүү терезе» — бир нече мамлекеттик кызматтарды бириктирген борбор. Аталган система мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапатын жогорулатууну көздөйт. Тыгыраагы, эми жарандар тиешелүү документтерди жана аныктамаларды кайсы бир мекеменин ар кайсы бөлүмдөрүнө кайрылбай туруп эле бир жайдан ала алышат.

«Системанын киргизилиши менен тактамаларды алуу тартиби жөнөкөйлөтүлүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Ошондой эле, система мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Кандай кызматтар бириктирилди?

«Бирдиктүү терезе» борборлорунда ИИМдин бешке жакын кызматы бириктирилген. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны ошол эле жерде жайгашкан терминалдар аркылуу төлөөгө болот. Дагы башка терминалдын жардамы менен электрондук кезекке туруу ишке ашырылат.

Кызматтардын тизмеси:

• жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылып-тартылбаганы тууралуу аныктама

• жарандын соттолгон же соттолбогону тууралуу аныктама

• кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына берилчү уруксат кагаздары

• жарандык жана кызматтык курал жаракты жүгүртүүгө лицензия

• кооптуу жардыргыч материалдар жана пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүгө лицензия

Видео көзөмөл

Жалал-Абад облустук ИИБнин башчысы Кылыч Жолдошов «Бирдиктүү терезе» борборлорунда видео байкоо жүргүзүлөөрүн билдирди. Анын айтымында, бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкын болушун камсыздайт.

«Мурун кызматтар кабинеттердин ичинде көрсөтүлгөндүктөн анын ичинде эмне болуп жатканы белгисиз болчу. Эми бардыгы ачык-айкын, анткени видеого жазылат. Эгерде элдерден кандайдыр бир арыз түшсө видео жазууларды карап чыгабыз», — деди Жолдошов.

2018-жылдын октябрында ИИМдин «Бирдиктүү терезе» борборлору Чүй облусу менен Бишкек шаарында ишке кирген. Анда борбор калаадагы «Бирдиктүү терезенин» ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышып, система коррупцияны жок кылууга өбөлгө түзөт деп ишендирген. Ошондой эле, мындай борборлорду өлкөнүн бардык облус жана шаарларында ачуу керектигин айткан.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы