Бишкек мэриясы жолду кеңейткиси келет — ботаникалык бакчадагы 300дөн ашуун бак кыйылышы мүмкүн

Гареев атындагы ботаникалык бакчадагы клён багы. Иллюстративдик сүрөт.

Бишкектин бийлиги шаардын түштүк жагында жайгашкан Гареев атындагы ботаникалык бакчанын алдынан өткөн тилкедеги Кара-Көл көчөсүн 15 метрге чейин кеңейткиси келет. Бул ботаникалык бакчанын бак-дарактары кыйылышы мүмкүн дегенди билдирет.

Бишкек мэриясындагылар жолду кеңейтүүнүн айынан канча бак-дарак кыйылышы мүмкүндүгүн так билишпейт. Бирок ботаникалык бакчанын директору Гүлайым Донбаева 300дөн ашуун бак-дарак кыйылууга тийиш экенин айтат. Донбаева өзү шаар бийлигинин планына караманча каршы чыгууда.

«Ушул бактардын функциялары — ботаникалык бакчанын ичиндеги кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн түрлөрүн коргоо. Бак-дарактар экосистемалык функцияны аткарышат. Эгер аларды кыйышса, анда ботаникалык бакчадагы экосистеманы жоготуп алабыз», — деп айтып берди ал «Клоопко».

Анын айтымында, ботаникалык бакча мамлекеттик объект болуп саналат жана мэриянын бакчанын аймагында иш жүргүзүүгө юридикалык укугу жок.

Бийликтин жолду ботаникалык бакчанын эсебинен кеңейтүү идеясы эксперттердин арасында колдоо тапкан жок. Эколог Дмитрий Ветошкин бактарды кыюу коллекциялык өсүмдүктөрдү «жок кылып коёт» жана бакчанын инфраструктурасын бузат деп эсептейт.

«Дарбазага жакын жакта кроналары өрчүгөн бактар жайгашкан. Алар аймактын жагымдуу микроклиматын камсыздап, бактардын бүтүн массивин түзөт», — деп жазды эколог фейсбукта.

Бишкекте жолдорду реконструкциялоо 2017-жылдан тарта Кытай грантынын акчасына жүргүзүлүүдө — бул убакыт аралыгында 100 километрден ашуун жол оңдолуп, бул да болсо бактарды массалык түрдө кыюуга алып келген. Бактардын массалык кыйылышы жергиликтүү тургундар менен экологдордун нааразылыгын жараткан. Алар жолдорду кеңейтүү тыгын маселесин чечпейт деп көшөрүшкөн.