ТИМ АКШнын Мамдепартаментинин адам укуктары боюнча баяндамасына нааразы

Солдон оңго: Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев

Өлкө бийлигине АКШнын Мамдепартаментинин докладындагы айрым кыргыз сасатчыларына карата кылмыш иштеринин баяндалышы «Саясий туткундар жана кармалгандар» бөлүгүндө кошулганы жаккан эмес.

ТИМ билдиргендей, АКШнын Мамдепартаменти мурдагы кыргыз аткаминерлердин кармалышын жергиликтүү укук коргоо уюмдарына жана байкоочуларына таянуу менен да «саясий» деп атай албайт.

Докладдын өзүндө мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге жана башка аткаминерлерге карата иштерди «саясий жүйөөлөнгөн» деп атаган кыргызстандык укук коргоо уюмдардын баа берүүлөрү көрсөтүлгөн.

Кыргыз ТИМи мындай аныктаманы «өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү» деп атап, өз кезегинде бул «коомчулук тарабынан сот процессине таасир этүү аракети катары кабылданды» деп билдирген. Кыргыз ведомствосунун көз карашына ылайык, саясатчыларга каршы коррупция боюнча конкреттүү айыптар тагылган жана алардын үстүнөн сот аягына чыга элек.

«[АКШнын Кыргызстандагы элчиси Донал Лу] белгилегендей, АКШнын Мамлекеттик департаменти өз баяндамаларын дарядоодо ар кандай бейөкмөт уюмдардын маалыматтарына таянат, өз кезегинде бул дайыма эле республикадагы иштердин чыныгы абалын чагылдыра бербейт», — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Кыргызстандын бийлиги доклад түзүүчүлөрдөн «маалыматты кайра текшерүүнү» жана кыргыз министрликтери менен ведомстволордун «объективдүү жетишкендиктерин жана фактыларын» эске алууну суранды.

Адам укуктары боюнча ар жылдык доклад америкалык бийлик тарабынан 14-мартта жарыяланган. Ал көптөгөн өлкөлөрдөгү кырдаалдарга тиешелүү. Анын ичинде Кыргызстан да бар.

«Саясий тутукундар жана кармалгандар» бөлүгү Кыргызстан боюнча баяндамада гана эле эмес, башка бардык өлкөлөр боюнча да отчёттордо бар.

Бул бөлүктө Исаков менен Сатыбалдиевден башка саясатчылар да бар. Алар: ар кандай иштер боюнча 4,5 жана 11,5 жылдарга соттолгон «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен парламенттин мурдагы депутаты Садыр Жапаров.

ТЕМА БОЮНЧА:

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Текебаевдин ишин карайт

Жогорку сот Садыр Жапаровго карата өкүмдү күчүндө калтырды