Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Куат Рахимов 5-апрелде билдиргендей, ал Кыргызстандын казак тарап Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерин бузууда деген айыптоолору менен макул эмес.
«[Мен] бузуп жатабыз дегенге макул эмесмин. Бизде кимдир бирөө өз функцияларын толук аткарбай жатат деген коркунуч бар. Биз тыюу салып жана чектөөлөрдү киргизбей элебиз, жүктөрдүн документтерге туура келүүсүн гана талап кылабыз», — деп айтты Рахимов.
Анын айтымында, казак чек арачылары аз салык төлөө максатында «товардык коштомо кагазын окшотуп жасаган» кыргыз жеке ишкерлерин көп кезиктиришет. Ошондой эле, алар Орусияга транзит түрүндөгү товарларын Казакстанга киргизишет.
Мурдараак Кыргызстандын экономика министрлиги Казакстандын бийлигин «ЕЭАБге ылайык болгон товарлардын ички рынокто эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылууда» деп айыптаган — кыргыз мекемеси казак чек арасындагы күчөтүлгөн бажы көзөмөлүнө ушундайча жооп берген.
Экономика министрлиги Казакстандын аракеттеринин айынан чек арада кыргыз ишкерлери чыгым тартууда деп билдирген.
Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 5-апрелде билдиргендей, өкмөт казак тарабы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат жана чек арадагы маселе «жакынкы күндөрү» чечилет.
Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын
Казакстандын чек ара кызматы өзүнүн Чүй облусу менен чектешкен «Карасу» өткөрмө бекетинде марттын ортосунан тарта көзөмөлдү күчөткөн. Бул жүздөгөн оор жүк унааларынан турган кезек күтүүлөргө алып келген.
Казак бийлигинин версиясы боюнча, оор жүк ташуучу унаалар кароодон өтүүдөн баш тартышкандыктан же документтери туура эмес болгондуктан чек арадан өтө албай турушат.
Кыргыз жү ташуучулары кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө биринчи жолу элек кыйынчылыктарга туш болуп жатышкан жок. 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен казак бийлигинин араздашуусунан улам Казакстан чек арадан өткөрүү эрежелерин катаалданткан.
Ал учурда Казакстан бир ай бою кыргыз товарларын чек арада күчөтүлгөн тартипте текшерип, чектөөлөрдү киргизген. Коңшу мамлекет өзүнүн иш-аракетин кыргыз продукциялары «дайыма эле ЕАЭБдин талаптарына жооп бере бербейт» деп түшүндүргөн.