Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк унаалардын тыгыны эки эсе азайды

Иллюстративдик сүрөт. Булагы: RFE / RL

Кыргызстандын өкмөтү маалымдагандай, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык тартипте иштеп баштады. Мурдараак Казакстандын бажы кызматы чек ара тартибин күчөткөндүгү үчүн өткөрмө жайларында 200дөн ашуун оор жүк унаалары топтолуп калган.

Кыргызстандын «Актилек — Автодорожный» көзөмөл өткөрмө жайынын башчысы Азамат Анарбаев «Азаттыкка» билдиргендей, Казакстан менен чектеш аймакта оор жүк унаалардын саны эки эсеге азайган.

Кыргыз өкмөтү 6-апрелде билдиргендей, кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал «иретке келе баштады» жана өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштады.

«Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады», — деп айтылат өкмөттүн пресс-релизинде.

Чек арадагы тыгындар эки өлкөнүн делегациялары Казакстандын борбор калаасы Нур-Султанда сүйлөшүү өткөрүшкөн соң азая баштаган.

Буга чейин Кыргызстандын экономика министрлиги Казакстандын бийлигин ЕАЭБдин товарлардын ички рынокто эркин жүрүүсү тууралуу жобосун бузууда деп айыптаган. Казакстан алардын чек ара кызматкерлери тарабынан эч кандай тартип бузуулар жок, ал эми кыргыз тарап жүктөрдү начар текшерет деп билдирген.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын

Казакстандын чек ара кызматы өзүнүн Чүй облусу менен чектешкен «Карасу» өткөрмө бекетинде марттын ортосунан тарта көзөмөлдү күчөткөн. Кыргыз тараптын «Актилек — Атодорожный» көзөмөл өткөрмө бекетинде 200дөн ашуун жүк ташуучу унаадан турган тыгын пайда болгон.

Кыргыз жү ташуучулары кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө биринчи жолу элек кыйынчылыктарга туш болуп жатышкан жок. 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен казак бийлигинин араздашуусунан улам Казакстан чек арадан өткөрүү эрежелерин катаалданткан.

Ал учурда Казакстан бир ай бою кыргыз товарларын чек арада күчөтүлгөн тартипте текшерип, чектөөлөрдү киргизген. Коңшу мамлекет өзүнүн иш-аракетин кыргыз продукциялары «дайыма эле ЕАЭБдин талаптарына жооп бере бербейт» деп түшүндүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Премьер-министр кыргыз-казак чек арасындагы маселени «жакынкы күндөрү» чечээрин убадалады

Казакстан кыргыз-казак чек арасында ЕАЭБдин ченемдерин бузган жок — Казакстандын каржы министрлиги