Трамп Кыргызстанды демократиялык баалуулуктардын аймактагы лидери деп атады

Дональд Трамп менен Болот Отунбаев. Сүрөт: Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилиги

АКШнын президенти Дональд Трамп 8-апрелде Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси Болот Отунбаев менен жолугушту. Жолугушууда ал Кыргызстанды демократиялык баалуулуктардын аймактыктагы лидери деп атады.

«Биздин өлкөлөрүбүзүн ортосундагы коммерциялык байланыштарды кеңейтүү жана экономикалык өсүүнү камсыздоо максатында өз ара аракеттешүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз. Биз биргеликте коопсузураак, демократиялык жана гүлдөгөн дүйнөнү курууга жардам бере алабыз», — деди америкалык лидер.

Элчи Отунбаев Трампка ишеним грамотасын тапшырып, Кыргызстан мындан ары да эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү пландап жатканын айтты.

Тектеш макала: Күндүн сүрөтү: Айгүл Токоева жана Мелания Трамп өз жолдоштору менен