Кара-Суу: Аким Матраимов менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийликти сындагандарды залдан чыгарышты

Ош облусундагы Кара-Суу районунун акими, бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов менен депутат Искендер Матраимовдун бир тууганы — Тилек Матраимов мурдараак анын отставкасын талап кылган өз районунун тургундары менен жолукту. Тургундар айылдык кеңештин иштерине нааразы болушту, бирок сын-пикир айтууга аракет кылгандарды залдан чыгарышкан.

Кара-Суунун тургундары менен Тилек Матраимовдун жолугушуусу 30-мартта болгон. Ал эми апрелде интернетте видео пайда болуп, анда жергиликтүүлөрдүн айыл жана район бийликтерине карата сын-пикир айтышына тоскоолдук кылып жатышканы тартылган.

Тилек Матраимовдон тышкары жолугушууга депутат Искендер Матраимов менен Нурбек Алибеков да катышышы керек эле, бирок алар иш-чарага келишкен жок. Чогулуш суроо-жооп форматында өтүшү керек болгон, бирок кайсы бир тургун сын-пикир айтып баштаары менен андан микрофонду тартып алып, залдан чыгарып турушкан.

Буга чейин, 20-мартта райондун тургундары айыл башчысы Эрмат Исмаиловдун жана аким Тилек Матраимовдун отставкасын талап кылышкан.

«Айыл өкмөткө ишибиз менен кирип калганда алар өздөрүнчө эле хандай олтурушат. Эл өкүлү болгон алар хан болушпай, калкка кулдай кызмат кылышы керек», — деп айтты айыл тургуну Элдияр Жаныбеков. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдык кеңеш акчалууларга бир канча жер тилкелерин беришет, ал эми акчасы жоктор бир да тилке алыша элек.

Чындыгында Эрмат Исмаилов жана анын катчысы Радахан Самиевди жерди мыйзамсыз сатуу боюнча айыптап, кылмыш ишин козгошкон. Бирок жергиликтүү райсот айыл өкмөт башчысын актап, катчыга 100 000 сом айып пул салган.

Автору: Ыманбек Папан