Матраимов менен жолугушууда «кагылыш болуп кетпесин» деп бир гана адамды чыгарганбыз — Ош милициясы

Тилек Матраимов

Ош облусунун милициясы 30-мартта Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов менен болгон жолугушуудан бир гана киши сыртка чыгарылганын билдирет.

Алардын маалыматына ылайык, тургундар жолугушууда Тилек Матраимовду эмес, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаиловду сынга алышкан.

«Исмаиловдун тарапташтары айтыша кетишип, [Исмаиловду сындагандардан] микрофондорун жулуп алууга киришишти», — деп айтышты милициядан.

Милициядан маалымдашкандай, чогулгандардын ортосунда жаңжал чыгып кетпеши үчүн Исмаиловдун тарапташтарынын бирин залдан чыгарышкан.

«Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттары бул окуя боюнча туура эмес маалымат таратышууда», — деп айтылат Ош ОИИБинин пресс-релизинде.

Тилек Матраимов менен жолугушуу 30-мартта өткөн. Чогулушта ошондой эле Исмаиловдун Папан айыл өкмөтүнүн башчылыгына кайтып келүүсү талкууланган.

Жергиликтүү тургундар айым өкмөттөрүнүн администрацияларынын ишин сынга ала башташкан. Алар айылдык кеңештер бир канча жер тилкелерин акчалууларга берип, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бир да жер тилкесин албай калып жатышканына нааразы болушкан.

«Айыл өкмөткө ишибиз менен кирип калганда алар өздөрүнчө эле хандай олтурушат. Эл өкүлү болгон алар хан болушпай, калкка кулдай кызмат кылышы керек», — деп айтты айыл тургуну Элдияр Жаныбеков.

Март айында Папан айыл өкмөтүнүн тургундары Тилек Матраимовдун аракеттерине каршы митингге чыгышып, анын отставкасын талап кылышкан. Нааразычылыктар мурда «жерлерди мыйзамсыз сатуу» боюнча айыпталган Эрмат Исмаилов айыл өкмөтүнүн башчылыгына келгенден кийин башталган.

Бийликтеги бир тууган Матраимовдор

Тилек Матраимов жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өздөрүнө карата Матраимовдор тарабынан кысым болуп жатканы жөнүндө билдирүүлөрүнө карабастан 2012-жылы февралда Кара-Суу районунун акими кызматына келген.

Матраимовдун үй-бүлөсү чоң жана анын бир тууган ага-инилеринин үчөөсү жогорку мансаптуу кызматтарды ээлешет. Тилектин эң улуу агасы Искендер Матраимов — парламенттин депутаты. Дагы башка бир тууганы Ислам Матраимов каржы полициясындагы ички териштирүү башкармалыгында жетекчилик кылат.

Матраимовдун дагы бир агасы — Райымбек Матраимов — мурда бажы кызматынын төрага орун басары болгон, бирок аны аталган кызматтан экс-премьер-министр Сапар Исаков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суранычы боюнча бошоткон. Бирок Матраимов өкмөттүн чечимин сотко даттанып, сот аны кызматка кайтаруу боюнча чечим чыгарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу районунун тургундары акимдин отставкасын талап кылышты. Ал Райым миллиондун иниси