Мугалим окуучуну сабактан качкандыгы үчүн сабаган. Мэрия аны жумуштан алууну сунуштады

№19 муниципалдык мектеби

Мэрияга караштуу билим берүү департаментинин башчысы Сауле Мейрманова №19 муниципалдык мектебинин директоруна сабактан качып кеткендиги үчүн өз окуучусун сабаган деп айыпталган мугалимди жумуштан алуусун «көптөн-көп» сунуштады.

Водеодо аял окуучусун класстын көзүнчө кулактан чоюп, тап берип, сабап жатканы чагылдырылган.

«Менин сөздөрүм сага сөз болбой калганбы? Эмнеге [сабактан] кетип калдың? Эмнеге мен чалганда жооп берип туруп трубканы коюп койдуң?», — деп айтат видеодогу аял.

«Клооптун» журналистинин №19 мектептин директору жана тарбия бөлүмү боюнча завучу менен да байланышуу аракетинен майнап чыккан жок. Мектептин кабылдамасынан алардын номерлерин берүүдөн баш тартышты.