Мамсатып алуу порталы убактылуу иштебей жатат — бул бир ай ичиндеги экинчи бузулуу

Тендер тууралуу акыркы жарыя 20-апрель күнү түшкө маал чыгарылган. Порталдан алынган скриншот

Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан мамлекеттик сатып алуу порталындагы техникалык бузулуулар 20-апрелде башталган деп «Клооптун» журналистине билдиришти. Акыркы эки күндөн бери порталга тендерлер боюнча жарыялар чыгарылбай келүүдө.

Каржы министрлигинен маселени «жакын арада» чечүүнү убадалашканы менен сайттын ишиндеги мүчүлүштүктөрдүн сесбептерин айтышкан жок.

Бул бир ай ичинде электрондук мамсатып алуулар сайтында орун алган экинчи ири бузулуу. Апрель айынын башында да эки күн бою сайтта тендерлер тууралуу жарыялар жайгаштырылбай калган.

Ошол маалда кээ бир мүчүлүштүктөрдүн айынан Бишкектин кээ бир бала бакчалары тамак-аш азыктарын өз убагында ала алышпай калган. Жеткирип берүүчүлөрдүн тендердик билдирмелери үч күнгө кечиктирилип ачылган.

Мыйзам боюнча мамведомстволордун бардыгы кызматтарды жана ар кандай товарларды масатып алуулар Zakupki.gov.kg порталындагы тендерлер аркылуу сатып алууга милдеттүү, ошондуктан порталда күнүгө жүздөгөн тендерлер жарыяланат.

ТЕМА БОЮНЧА: