Экс-муфтий Жалилов кыргызстандыктарды уран казууга каршы митингге чыкпоого үндөдү

Чубак ажы Жалилов

Кыргызстандын мурдагы Азирети муфтийи Чубак ажы Жалилов билдиргендей, кыргызстандыктар Ысык-Көлдөгү уран казууга каршы митингдерине чыкпай эле коюшса болот. Мындай сөздөр айтылган видеону Жалиловдун YouTubдагы расмий каналы эмес, «Көрөгөч ТВ» каналы жарыялаган.

Анын пикирине ылайык, митингге чыгуу менен адамдар «таза эмес адамдардын» колунда «саясий оюнчук» болуп, алданып калышы мүмкүн.

«Айлана-чөйрөнү коргоо, аны сактоо — бул биздин милдетибиз. Бул боюнча шариятыбызда көптөгөн тексттерде айтылган. Ошол эле учурда кудай бизге жердин үстүндөгү жана астындагы [берген] байлыктарыбызды туура иштетип, жыргалчылыкка жетүү мойнубуздагы парз болуп эсептелинет [...] Кээде ошол адамдарды алдап, жаратылышка зыян келтирген чоң кен байлыктар болушу мүмкүн. Ошол эле учурда башка кен байлыктарды алып чыгып кетүү, ошол жерди бошотуу балким кайра жаратылышка, ден соолукка көбүрөөк пайдалуу болгон учурлар бар», — деп айткан Жалилов.

Ошондой эле ал Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамагенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамовдун уранды чыгарып кетүү келечекте айлана-чөйрөгө оң таасирин берет деп айткан сөздөрүн келтирген.

«Митинге чыгып аткан бир туугандарга “Артык кылабыз деп тыртык кылып албайлы” деп айтаар элем. Бардык эле кен байлыктарга каршы чыга бере турган болсок, биздин өлкөгө эч кандай инвестор дагы келбейт, эч кандай тыйын дагы келбейт, ошентип өзүбүздүн сазыбызга өзүбүз батып калгандай абал жаралышы мүмкүн», — деди Жалилов.

Экс-муфтий «Клоопко» курган маегинде видеодо айтылган сөздөрдү ырастады, бирок бул ролик эмне үчүн анын расмий каналында жок деген суроого жооп берген жок.

Анын айтымында, балким айрым адамдар, анын айткандарынын маанисин туура эмес түшүнүп алышкан.

«Бул боюнча жаратылышка терс таасирин тийгизеби же жокпу такташ керек. Анан тастыктабай туруп эле митингге чыга берген туура эмес деп айткам жана дагы да айта берем», — деди Жалилов.

Анын белгилегендей, адамдар бул маселеде этият болушу керек, анткени митингдер саясий өңүттө болушу мүмкүн.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийлик кызматын аркалаган, учурда ал өлкөдөгү эң эле таасирлүү диний ишмерлердин бири. Жалиловдун YouTubeдагы «Насаат медиа» каналына 445 миңден ашуун адам жазылган.

Ысык-Көлдө уран казуу

Таш-Булак уран кенин иштетип жаткан инвесторлор Ысык-Көл облусунун тургундарынын нааразылык акцияларынан улам иштин бардыгын толугу менен токтото турууну чечишкенин маалымдашкан.

Кыргызстандыктар айлана-чөйрөгө зыян тиет деп Ысык-Көлдө уран казууга каршы чыгышууда. Жергиликтүү тургундар бир нече жолу митингге чыгып, уран кенин жабууну талап кылышкан. Сhange.org сайтынданы онлайн петиция 25 миңден ашуун кол топтогон.

Мындан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Таш-Булак уран кениндеги иштерди убактылуу токтото турууну буйруган. Өкмөт башчысы уран кениндеги иштердин айлана-чөйрөгө таасирин «дыкат» талдап чыга турган комиссия түзгөн.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы