КСДПнын Токмоктогу депутаты күнөөсүн мойнуна алып милицияга өз эрки менен келди — ал адам өлтүрүүгө кол салуу боюнча шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун БИИБинин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, КСДПнын Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансеитов 25-апрелде милицияга өз эрки менен кармалып берген.

Жансеитов адам өлтүрүүгө кол салуу боюнча шектелүүдө. Депутат Ысык-Ата райондук ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милиция Жансеитовду адам өлтүрүүгө кол салуу боюнча айыптап, 2018-жылдын августтунда издөөгө жарыялаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Токмоктун мал базарынан Талантбек Жамангуловго бычак сайган. Ал эми Жамангулов кол салуунун себептерин билбестигин айткан.

«Биз шаршемби күнү куран окутмакпыз, ошондуктан мал базарга кой сатып алалы деп келгенбиз. Ошол жерден Жансеитов байкатпай мага бычак сайган», — деп билдирген Жамангулов.

Анын айтымында, ал Жансеитовдордун үй-бүлөөсү «аябай таасирдүү» болгону үчүн милицияга арыз жазган эмес.

«Шаарыбыздын мэри ага (Жансеитовго) байке болуп калат, ал эми Токмок РИИБнин башчысы анын бир тууганы. Ошондуктан мен арыз жазган жокмун, анысы аз келгенсип анын туугандары күбөлөрдүн үйлөрүн кыдырып коркутуп жүрүшөт», — деп ырастаган жабырлануучу..

Шектүү Токмок РИИБнин начальнигинин бир тууганы экендиги жөнүндө маалыматты Чүй ШИИБнин басма сөз борборунан дароо эле четке кагышкан.