Сот «Элит Хаус» компаниясын курулуп жаткан эки тогуз кабаттуу үйүн сүрдүрүүгө милдеттендирди

Мамэкотехинспекция сүрдүрүүнү талап кылган үй. Сүрөт: Kloop.kg

Бишкектин райондор аралык соту 12-мартта «Элит Хаус» курулуш компаниясын Бишкектин түштүк жагындагы «мыйзамсыз курулган» эки тогуз кабаттуу үйүн сүрдүрүүгө милдеттендирди.

Сотко курулуштарды сүрдүрүү керектиги тууралуу арыз менен Мамэкотехинспекция кайрылган. Мекеме «Элит Хаус» компаниясы «курулушту уруксат документтери жок баштап алган» деп ырастоодо.

Мамэкотехинспекция курулушта бузууларды аныктап, компаниядан объект курууга документтерди сурагандан кийин сотко кайрылууну чечкен.

Бирок мекеменин маалыматтарына ылыайык, компания бул документтерди берген эмес. Компаниянын директору Тимур Файзиевге 100 миң сом айып пул салынып, объекттердин крулушу токтотулган.

«Элит Хаус» компаниясынан билдиришкендей, Мамэкотехинспекциянын мыйзамсыз курулуш тууралуу маалыматы «чындыкка коошпойт».

Файзиев компания Райондор аралык соттун чечимин даттанганганын жана учурда компания менен ведомствонун ортосунда талаш уланып жатканын билдирди.

«Үйдүн сүрдүрүлүшү ыктымалдыгы 0,0001% барабар. [...] Кыргызстанда, тилекке каршы, мындай абал документтеги аспекттерде болууда. Кай бир жерде сууга документтер толук алынбаган болуп чыгып, сага “Сен мыйзамсызсың, өз билемдик менен куруп жатасың” деп айтышат», — деди Файзиев фейсбуктагы түз эфирде.

Компанияны жетекчиси Мамэкотехинспекция соттун акыркы чечимин күтпөстөн эле мыйзамсыз курулуш болуп жатат деген өңдүү маалыматтарды жайылтуу менен мыйзам бузуп жатат деп эсептейт.

«Элит Хаус» курулуш компаниясы 2013-жылдан тарта иштей баштаган. Бул убакыттар аралыгында компания төрт көп кабаттуу үй курган, дагы төрт имараттын курулушу жүрүүдө.