Июнь айынан тарта Ош—Алмата аба каттамы ишке кирет

Ош эл аралык аэропорту. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

Үстүбүздөгү жылдын 7-июнунан тарта Ош аэропорту Ош—Алмата аба каттамы боюнча учкан жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт. Аны казакстандык Qazaq Air авиакомпаниясы ишке ашырат.

Эки өлкөнүн экинчи борборлорун байланыштырган аба каттамы жумасына эки ирет учуп турат. Казакстандык компания билеттин баасы 3 миң сомдун тегерегинде болоорун кабарлайт.

«Компаниябыз Ысык-Көлгө сезондук каттамдарды ачкандан сырткары Бишкекке да пландуу учууларды аткара баштаган. Июнь айынан баштап Ош шаарына да аба каттам ачылганы турат», – деп билдирди Qazaq Air авиакомпаниясынын өкүлү Адел Даулетбек.

«Манас» эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова учуу убактысы 1 саат 5 мүнөткө созулаарын кошумчалады.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы