ЖМК: Милиция кримтөбөл Батукаевге рак деп диагноз койгон дарыгерлерди кармады

Азиз Батукаев. Сүрөт: RFL / RL

24.kg жана «Кактус» басылмалары криминалдык авторитет Азиз Батукаевге рак диагнозун койгон дарыгерлер кармалганын маалымдашты. Эки басылма тең маалыматты милициядагы өз булактарына таянып жазып чыгышкан.

Бул диагноздун арты менен сот Батукаевди эркиндикке чыгарып, ал өлкөдөн 2013-жылы чыгып кеткен.

ИИМдин басма сөз кызматынан бул маалыматты «Клоопко» же ырастап же төгүндөп беришкен жок.

«Азыр тергөө жүрүп жатат, ага ылайык биз маалыматты ачыктай албайбыз. Бирок Башкы прокуратура Батукаевге карата кылмыш ишти жандандырганын ырастап бере алабыз», — деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Мурдараак Жогорку соттун төрагасы Гүлбара Калиева жана Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов билдиришкендей, криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра каралат.

Калиеванын айтымында, анын абактан бошотулушунун себептери иликтенүүдө. Анын пикири боюнча, Батукаевдин колониядан бошотулушунда дарыгерлердин да жоопкерчиликтери бар, анткени алар анын ден соолугунун абалы тууралуу корутундуга кол коюшуп, Батукаев ушунун негизинде бошотулуп кеткен.

Батукаевдин бошотулушу

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013жылы бошотулуп, ал дароо эле Кыргызстандан чыгып кеткен. Анын Нарын шаардык соту тарабынан бошотулушу жылдын башкы чуулгандуу окуяларынын бири болгон. Бул бошотуунун шартында ошол учурда акыйкатчы болуп турган Турсунбек Акун өз кызматынан кол жууган.

Мындан тышкары, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев жана вице-премьер Шамиль Атаханов өз каалоолору менен ээлеген кызматтарынан кетишкен.

Батукаев Кыргызстандын тарыхында ден соолугуна байланыштуу абактан чыга алган биринчи камактагы адам болгон.

Батукаев бир катар беренелер, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Ошондой эле ал 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: