Казакстан: Уралдын полициясы аянтта актай кагаз менен турган баланы кармады

24-жаштагы Аслан Сагутдинов Урал шаарынын борбордук аянтына актай кагазды кармап алып 6-майда чыккан. Анын айтымында, бул кадамы менен ал Казакстандын жарандарында демократиялык укуктары жоктугун көрсөтүүнү каалаган.

«Бүгүн чакырыктары жок, эч нерсе кыйкырбай эле бош плакат кармап чыктым. Бирок мени бары бир эле полиция кармап кетет. Эмне үчүн? Анткени биз сиздер менен демократиясы жок Казакстанда жашайбыз [...] Бул эч качан бүтпөйт. Силерге полиция мени азыр жазуулары, чакырыктары жок болсо деле кармап кете турган акылсыздыкты көрсөткүм келет», — деп билдирди ал.

Беш мүнөттөн кийин Сагутдиновго полициянын кызматкери басып келип, андан эмне кылып жатканын сураган. Ал жөн гана аянтта турганын айткан. «Кээ бири отурат, кээ бири турат. Мен чакырыктарды кыйкырган жокмун да. Менин [кагазым бош], мен эч нерсе айткан жокмун», — деп түшүндүрдү Сагутдинов полиция кызматкерине.

Бир аздан соң ага жол кайгуул полициясынын кызматкерлери басып келип, анын аракеттери «мыйзамсыз» экенин билдирип, жалгыз туруп пикетке чыгууга тыюу салынганын айтышкан.

«Кайсы пикет? Мен пикетке чыкпай элем! Менде [кагаз барагы] актай, мен ураан кыйкырган жокмун. Эмне үчүн мени алып кетип жатасыңар?», — деп Сагутдинов полиция кызматкерлеринен алар аны машинага алып баратканда сураган.

Ошондон кийин полиция өкүлдөрү баланы машинага отургузуп, бөлүмгө алып кетишкен. Активист өзү билдиргендей, аны сурактан кийин коё беришкен.

«Мени департаментке алып келишти. Мени менен эмне кылыш керек экенин, протокол жазуу керек же керек эместигин көпчө чейин билбей турушту. Натыйжада суракка алышып, “плакатка бир нерсе жаз, ошондо анан сени менен эмне кылса болоорун карап көрөбүз” деп айтышты», — деп кабалайт Сагутдинов.

Казакстандагы нааразычык акциялары

Казакстанда президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда 9-июнда өтөөрү белгилүү болгондон кийин аны таза өткөрүү талаптары менен өлкө боюнча митингдер болуп өттү.

23-апрель күнү Алмата соту активисттер Ася Тулепова менен Бейбарыс Толымбаевди 15 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган. Активисттер Алмата марафону учурунда «Чындыктан качып кутула албайсың» деген көрнөктү көтөрүп чыгышкан. Аларды 14 күндөн кийин чыгарышкан.

Бир жумадан кийин сот көрнөк менен өткөн ушундай акция үчүн дагы бир активист Роман Захаровду беш суткага камакка алган. Активист кездемеге конституциядагы цитатаны жазган эле. Бирок андан кийин Захаровдун камак жазасы айып пулга алмаштырылган.