Сот «улуттук кастык» иши боюнча КМКТАУнун мугалимин актады — иш фейсбуктагы комментарийден кийин козголгон болчу

Темир Болотбек. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Бишкектин Биринчи май райсоту Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КМКТАУ) мугалими Темир Болотбекти «улуттук кастыкты» козутуу тууралуу иши боюнча актады.

Болотбек «Клоопко» билдиргендей, бир нече экспертиза жүргүзүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгы анын комментарийинде «улуттук кастыкты» козуткан чакырыктар жок экенин көрсөткөн.

«Сот мени толугу менен актады, алар көз карандысыз эксперттердин пикирлерин эске алышты. Мен унуверситетте сабак өтүүнү улантып жатам», — деди Болотбек.

2018-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Болотбек фейсбуктагы кооментарийинде улуттук кастыкка чакырган деп ага каршы кылмыш ишин козгогон.

Болотбек журналист Дина Маслованын советтик архитектурасы жөнүнжө жазган постунун алдына пикир жазган (комментарийлердин грамматикасы менен тыныш белгилери сакталды): «Вонючий отсталый и унылый совок! Архитектура? Кто называет типовую застройку архитектурой ничего не смыслят в архитектуре» («Сасык артта калган жана муңдуу совок! Архитектура? Калыптуу курулушту архитектура деп атагандар архитектурада эч нерсени билишпейт»).

Кийинки комментарийде Болотбек «Совокту жакшы көргөндөр эмне үчүн силер “рашкага”, кайсы бир Сибирге, кетип калбайсыңар, ал жакта кулчулуктуу жана жакыр муңдуу заңдар көп» деп жазган.