«10 млн сомдук доо». ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары «Азия Ньюс» гезитин сотко берди

Ички иштер министрлигинин башчысынын мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров «Азия Ньюс» гезитин жана анын редактору Асланбек Сартбаевди сотко берди. Ал сот аркылуу 10 млн сом өндүргүсү келет.

Сартбаев маалыматты ырастады. Анын айтымында, алгач Абдыкаров гезиттен бир млн сом, андан кийин үч млн талап кылган. Акыры доонун суммасы 10 млн сомго чейин өскөн.

«Биз ага суроо салганбыз: “Сиз Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча акча алдыңыз беле?” деп. Кийинчерээк, эмне үчүн ИИМ аталган фактты териштирбейт деп сураганбыз. Эч кандай комментарий жана текст жок болчу. Болгону суроо жана экөөнүн сүрөтү гана болчу», — деп Сартбаев «Азаттыкка» билдирген.

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн себебин беш жылдан бери ачыктай албай жатышат. Ар бир жаңы дайындалган министр ишти «өз көзөмөлүнө алганын» кабарлайт жана иликтөөнү аягына чыгарууга убада берет.

Данияр Абдыкаров ИИМдин министри Улан Исраиловдун орун басары болуп турган. Исраилов студент кыздын өлүмү иликтенип жаткан маалда дайындалган министрликтин төртүнчү жетекчиси.

Абдыкаров кызматтан 2018-жылы жайында «жетекчиликтин уруксаты жок» Түркияга кеткенден кийин алынган. Ошол эле маалда ведомстводон аткаминер расмий эмгек өргүүдө деп маалымдашкан.

«Азия Ньюс» гезитин биринчи жолу сотко берип жатышкан жок. Буга чейин парламенттин эск-спикери Акматбек Келдибеков сот аркылуу гезиттен жана анын редакторунан бир миллион сомдон өндүргүсү келген. Тараптар жарашып, гезит маалыматты четке кагууга макулдук берген. Келдибеков болсо материалдык доосунан баш тарткан.