![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2019/05/59295114_2362372260688205_3152772536639422464_n-1.jpg)
Ош шаардык мэриясынын «Турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар» фонду ипотекалык тогуз кабаттуу үйдү куруу үчүн 15-майда тендер жарыялады.
Фонд көп кабаттуу турак жайдын баасын 248 миллион сомго баалаган. Тендердин жыйынтыгы 20 күндөн кийин белгилүү болот.
Ош шаарындагы тогуз кабаттуу муниципалдык турак жайдын курулушу 2019-жылдын жай айларында башталат. Көп кабатуу үй болжолдуу 81 батирге ылайыкталып салынат. Ал шаардын жашоочуларына жылына 6 % үстөк менен ипотекага берилет.
Ош — муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашырып жаткан Кыргызстандагы жалгыз шаар. Программа июнь коогалаңында жабыркагандар үчүн курулганган батирлердин артып калганын ипотекага берүү менен башталган.