Мамлекеттик айыптоо Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратууну суранууда

Дамир Мусакеев. Сүрөт: Айсымбат Токоева / Kloop.kg

Бишкектин Свердлов райондук сотунда прокурорлор Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом өлчөмүндө штрафка жыгууну суранышты. Мусакеев мыйзамсыз байыган делип айыпталууда.

Соттун кийинки отуруму 23-майда өтөт. Мусакеев «тергөөнү мүмкүн болгон ыкмалар менен шаштырып жатышат» деп айтты «Клоопко» курган маегинде.

«Менин кардарымдын күнөөсү жок деп эсептейм. Менин оюм боюнча, айыптоо далилдерди келтирген эмес. Актоону суранабыз», — деди адвокат Темирлан Кожокматов Vesti.kg басылмасына.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Мусакеев 2010 жана 2017-жылдардын аралыгында 20 млн сомдон ашуун каражатка кыймылсыз мүлк сатып алып, аны өзүнүн жакын туугандарына каттаткан.

Мусакеев айыптоолорду жалган жана саясий буйрук деп атоодо. Анын бул пикирине мурдагы президенттин башка да тарапкерлери тилектеш.

Ал өзүн коргоо үчүн журналисттерге үй-бүлөсү ээлик кылган кыймылсыз мүлктөрдү көрсөткөн — бул ага-инилеринин курулушу аяктай элек үч үйү, агасынын батири жана өзү жашап жаткан УКМКнын кызматтык батири. Бирок башкы прокуратура көрсөтүлгөн мүлктөрдү анын туугандарына таандык болгон мүлктөрдүн аз гана бөлүгү деп атаган.

Мусакеевдин УКМКдан бошотулушу

Президент Сооронбай Жээнбеков Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы кызматынан өткөн жылдын апрелинде бошоткон.

Мусакеевдин кызматтан алынышы Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин ортосундагы араздашуунун шартында болгон. Ошол кезде Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин алмашуусу орун алган. Аткаминерлердин көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болгон, ошондуктан алардын кызматтан бошотулушун мурдагы эки үзөңгүлөштүн жаңжалы менен байланыштырышкан.

Мисалы, Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан алган. Ал эми май айында Атамбаевдин эң белгилүү тарапташтарынын бири — Сапар Исаков — премьер-министрлик кызматтан бошотулган. Атамбаевдин көптөгөн беделдүү тарапташтарына карата кылмыш иштери козголгон.