Атамбаевдин мурдагы жансакчысы бир туугандарынын үйлөрүн көрсөттү

Сүрөт: Тилек Бейшеналиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысынын мурдагы орун басары жана Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жанчакчысы Дамир Мусакеев журналисттерге батирин жана биртуугандары жашаган үч үйдү көрсөттү. Башкы прокуратура ал 20 млн сомго кыймылсыз мүлк сатып алган деп эсептейт.

Дамир Мусакеев журналисттерге үй-бүлөсү ээлик кылган кыймылсыз мүлктөрдү көрсөттү — бул ага-инилеринин курулушу аяктай элек үч үйү, агасынын батири жана өзү жашап жаткан УКМКнын кызматтык батири.

Анын айтымында, жер тилкелери 2006-2012-жылдары 26 миң сомдон үч миң долларга чейин акча каражатына сатылып алынган, ал эми инисинин батири 2010-жылдардын башында 1,2 млн сомго бир нече жылга бөлүп төлөө шарты менен сатылып алынган.

Мусакеев кыймылсыз мүлккө ээлик кылбасын жана УКМКнын батиринде жашап атканын айтууда. Кызматтык батир ага 2016-жылы ал УКМКнын төрагасынын орун басары рангында 9-кызматтын (мамкүзөт) жетекчилигине дайындалганда берилген.

Ведомствонун эрежеси боюнча, берилген батирди 20 жыл кызмат өтөгөн соң гана менчиктештирүүгө болот — УКМКда аз убакыт иштегендерге, батир, негизи убактылуу пайдаланууга эле берилет. Демек 20 жыл иштебей туруп жумуштан бошотулган адис үй-жайды бошотуп бериши керек. Техникалык жактан караганда Мусакеев да бийликтин калоосуу менен батирден кол жууп калышы мүмкүн.

«Алардан сураш керек, 20 млн сомдук мүлк дегенди кайдан [Башкы прокуратура] алышканын. Бизге да кызык», — дейт Мусакеев.

Мурдараак Башкы прокуратура Мусакеев 2010 жана 2017-жылдардын аралыгында 20 млн сомдон ашуун каражатка кыймылсыз мүлк сатып алып, аны өзүнүн жакын туугандарына каттатканын билдирген. Азыр Башкы прокуратура «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде сотко чейинки иликтөө жүргүзүп жатат.

Мусакеев айыптоолорду жалган жана саясий буйрук деп атоодо. Анын бул пикирине мурдагы президенттин башка да тарапкерлери тилектеш.

Мусакеевдин туугандарынын үйлөрүнө жасалган саякаттан кийин социалдемократ Темирлан Султанбеков фейсбук барагында журналисттерди Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да үй-жайларын көрүп чыгууга үндөгөн видео жарыялады.

Ачык айтылбагыны менен Матраимов бийлиги чоң жана таасири күчтүү делип келет, ал Алмазбек Атамбаев бир нече жолу атап келгендей «Райым миллион» деген каймана ат менен белгилүү. Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине доомат айтуу менен бирге аны бир канча жолу Матраимов менен байланышы бар деп жемелеген. Бирок ошол эле маалда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын агасы, депутат Искендер Матраимов көп жылдардан бери КСДПнын мүчөсү болуп келген.

Мусакеев тарабынан журналисттер үчүн кыймылсыз мүлктөргө жасалган саякат 2016-жылы сентябрда оппозиционер Өмүрбек Текебаев журналисттерди өз мүлктөрү менен тааныштырган саякатка окшош. Анда Текебаев президент Алмазбек Атамбаевдин Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү демилгесине каршы чыккандыктан улам анын башкы каршылашына айланып, ошондон улам кыймылсыз мүлктөрүн көрсөтүүнү чечкен.

Мусакеевдин карьерасы

Президент Сооронбай Жээнбеков Мусакеевди УКМКнын 9-башкармалыгынын башчысы кызматынан өткөн жылдын апрелинде бошоткон. Отставканын расмий туюнтмасы «берилген арызына ылайык [...] бошотулган» деген мүнөздө айтылган.

Мусакеевдин кызматтан алынышы Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин ортосундагы араздашуунун шартында болгон. Эки саясатчынын ортосундагы араздашуунун шартында Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин алмашуусу орун алган. Аткаминерлердин көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болгон, ошондуктан алардын кызматтан бошотулушун мурдагы эки үзөңгүлөштүн жаңжалы менен байланыштырышкан.

Мисалы, Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан алган. Ал эми май айында Атамбаевдин эң белгилүү тарапташтарынын бири — Сапар Исаков — премьер-министрлик кызматтан бошотулган.