Ош милициясы: Блогер соттун чечимин укканда эс-учун жоготкон

Өзгөн райондук сотунун чечими менен бир айга камалган блогер Бауржан Кадырбековдун апасы уулунун буту баспай калганын айтып чыкты. Ал укук коргоо органдары Кадырбековду сабашкан деп божомолдоодо. Ош облустук милициясынан «Клоопко» ур-токмокко алуу фактысын четке кагып, блогер соттун чечимин укканда эс-учун жоготкон деп билдиришти.

Блогер Бауржан Кадырбеков милиция тарабынан 8-майда кармалган. Ал Өзгөн шаарынын тургунун темир таяк менен ургулап, денесине жаракат келтирүү боюнча айыпталган. Райондук сот «Бейбаштык» беренеси менен аны бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Кадырбековдун апасы уулунун эки буту баспай, аны милициядан тергөө изоляторуна майып арабасында алып чыгышканын айтып чыкты.

«Мен үйдө олтургам, анан эле аймактык тескөөчү келип баламдын камакка алынганын айтты. Өзгөн райондук милицияга келдим, бирок мени балама киргизбей коюшту. 10-майда белгисиз номурдан телефон чалуу келип, “балаңыздын буту иштебей, арабада алып чыгып кетишти” деп айтты», — деп кейиди блогердин апасы Пашакан Мураталиева.

Ал эми Ош ОИИБнин басма сөз кызматынын «Клоопко» билдиришкендей, Кадырбековго укук коргоо органдары тарабынан күч колдонулган эмес. Ал соттун чечимин укканда эс-учун жоготуп койгон.

«Милиция кызматкерлери дарыгерлерди чакырышкан. Алар келип текшеришкенде, ал катуу ойлонгондон буту баспай калганы аныкталган. Кийинчерээк невропотологдор бутунун кыймылдап жатканын айтышкан, өзү кечээтен бери баспай жатып алды. Азыр Ош шаарындагы тергөө изоляторунда медициналык кызматкерлердин кароосунда болуп жатат», — деп түшүндүрдү облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Нур-Пери Абдуллаева.

Мындан тышкары, блогер ишкерлерден акча опузалоого шектелүүдө. Анын үстүнөн милицияга төрт кишиден арыз түшкөн. Арыз ээлери блогер өзүнүн ютуб каналына жүктөгөн видеону өчүрүп коюу үчүн 10-20 миң сом акча талап кылганын айтышкан.

Блогердин жакындары милиция акыйкат тергөө жүргүзүүсүн талап кылышууда. Алардын айтымында, ишкерлер буга чейин Кадырбековду каматабыз деп коркутушкан.

Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктар менен күрөшүү

Бауржан Кадырбеков өзүнүн «Чындык Маалымат KG» ютуб каналына Өзгөндөгү дүкөндөрдө сатылып жаткан сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тасмага тартып киргизип турган. Ишкерлер блогер видеолорду ютубка жүктөгөндөн кийин алардын соодасы начарлаганын билдиришкен.

«Чындык Маалымат KG» каналы ютубка 2019-жылы 22-мартта катталган. Учурда анын 22 миңден ашуун катталуучулары бар. Кадырбековдун видеолорунун орточо көрүмдүүлүгү 20-30 миңге чейин жетет.

Мындан тышкары, 100 миңден ашуун адам көргөн беш видеосу да бар. Ал эми эң көп көрүүчү топтогон видеосундагы көрүүчүлөрдүн саны 424 миңди түзгөн.

Блогер көбүнчө Өзгөндөгү дүкөндөрдө сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тартат. Андан соң милиция кызматкерлерин чакырып, чара колдонууну суранат. Мисалы, бир ирет сатуучуга беш миң сом айып пул салынган.

ТЕМА БОЮНЧА: