Премьер-министр «КТ Мобайлдын» айланасындагы чырдан улам өз аппарат жетекчисинин орун басарын кызматынан бошотту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «“КТ Мобайл” компаниясынын айланасындагы акыркы окуялардын жана Ачык өкмөт катчылыгынын жетекчилигинин ишмердигинин» айынан өз аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовду кызматтан бошотту.

Ошондой эле өкмөт башчысы президенттен өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду да жумуштан алууну суранды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан эки аткаминер тең жумуштан кетүү тууралуу арыздарды өздөрү беришкенин түшүндүрүштү.

Кызматтан бошотуулар «Мегаком» менен биргеликте «Салам» бренди менен жаңы байланыш операторун ишке киргизүүнү пландап жаткан мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясынын айланасында чыккан чатактын шартында болууда.

Май айынын ортосунда Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасынын баласы — Эрназар Рысалиев «КТ Мобайл» мамкомпаниясынын башкы директорунун орун басары болуп иштээри белгилүү болгон. Ошондой эле коомдук тармактарда «КТ Мобайлдын» жетекчилиги айына 300-350 миң сом маяна алып турганы айтылган маалымат тарап кеткен.

Компания бул маалыматтарды «жалган» деп атап, кийинчерээк фирманын жетекчилиги кызматынан бошоп кеткен.

Ошондой эле Ачык өкмөттүн катчылыгын жетектеген Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев да кызматынан кеткен.