Казакстан Кыргызстандын мөмө жана жер-жемиштерин киргизүүгө чектөөнү алды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 22-майда Казакстандын бийлиги картошка, алма жана курма алып кирүүгө киргизген чектөөсүн алганын билдирди.

2019-жылдын 19-февралынан тарта Кыргызстанда өндүрүлгөн алма, курма жана картошкалар Казакстандын базарларына жеткирилбей жаткан. Ага мөмө жана жер-жемиштерде «бир нече жолу» зыянкечтер табылганы себеп болгон.

Ошондой эле казак бийлиги алардын өлкөсүнө киргизилип жаткан Кыргызстандын азыктарында фитосанитардык сертификаттары менен документтери жок деп айткан болчу.

«Кыргызстандын агрардык платформасы» бирикмесинин аткаруучу директору Айжан Жакыпбектин Казакстандын чектөө киргизишинде «кыргыз бийлигинин да күнөөсү бар» деген пикирде. Ал Кыргызстандын фитосанитардык жана ветеринардык экспертизалары «сапаты боюнча казактардыкынан начар» болгонуна токтолду.

«Анан Казакстан 400дөн ашык [кыргыз товарларынын ЕАЭБдин талаптарына] туура келбеген учур [табылгандыгы] тууралуу айтып жатканда, биздикилер [эксперттер] муну текшерип, каршы болуп талаша алышпайт», — деди Жакыпбек.

Казакстан биринчи жолу эле Кыргызстандан чыккан товарларды өз аймагына киргизүүгө чектөө киргизип жаткан жок. 2017-жылы октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлиги менен болгон араздашуусунун шартында Казакстан бир ай бою чек арада кыргыз товарларын текшерүүнү жана көзөмөлдөөнү күчөтүп, өз аймагына продукция алып өтүүгө чектөө киргизген.

Казакстан бул чараларды кыргыз продукциясы «дайыма эле ЕАЭБдин талаптарына туура келе бербейт» деп түшүндүргөн.