КСДП: Атамбаев саясатта калат

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева «Клоопко» билдиргендей, экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалык кызматынан кеткенине карабастан, саясатта калууну улантат.

«Ал бийликке барып, кандайдыр бир кызматка отурууну көздөгөн жок. Бирок мыйзам ага саясатта калып иштөөгө тыюу салбайт. Ал жакта саясий ишмердик кылууга тыюу салуу тууралуу айтылып жатпайбы», — деди Жолдубаева.

Анын айтымында, Атамбаевдин учурдагы башкы саясий максаты — өлкөдө парламенттик башкарууну орнотуу.

«Албетте, өзүнүн катасын да оңдоо. Аны азыр учурдагы президентти [Сооронбай Жээнбековду] колдогону үчүн сындашууда», — деди Жолдубаева.

Жолдубаеванын айтымында, Атамбаев партиянын төрагалык ыйгарым укутарын тапшыруу чечимин өзү кабыл алган.

«Ал КСДПдагы мүчөлүгүн убактылуу токтотту [...] Биз экс-президентке мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалоого тыюу салган ченемди конституцияга каршы келет деп эсептейбиз. Биз анын үстүнөн даттанабыз, Атамбаев партиядагы мүчөлүгүн териштирүү маалында токтото турайын деди», — деп кошумчалады Жолдубаева.

Атамбаев КСДПнын төрагалык кызматын Жээнбеков экс-президенттерден кол тийбестикти алуунун жол-жоболору жөнүндө мыйзамга кол койгондон кийин кеткен.

Документ мурдагы өлкө башчысын кол тийбестиктен ажыратып, ошол эле учурда жоопкерчиликке (бирок ал президент болуп турган учурда жасаган кылмыштары үчүн гана) тартууга мүмкүнчүлүк берген жаңы процедураны киргизет.

Ошондой эле мыйзам экс-президенттерге саясий партиялардын мүчөсү болууга же аны жетектөөгө тыюу салат — бул үчүн ал бардык экс-президенттерге кепилденүүчү өмүр бою камсыздоодон ажырап калышы мүмкүн

Кыргызстанда экс-президент деген макамды алып жүргөн эки адам бар. Алар: 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Кыргызстанды жетектеп калган Роза Отунбаева жана 2011-жылы алты жылга шайланган Алмазбек Атамбаев.

ТЕМА БОЮНЧА: Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажырата турган мыйзамга кол койду