«Атамбаевсиз КСДП» 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышат — Абдрахманов

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов «Азаттыкка» билдиргендей, ал өз тарапташтары менен өлкөнүн аймактарына барып, электорат менен таанышып, 2020-жылы өтө турчу парламенттик шайлоого катышууга даярдык көрүүдө.

«Түштүктүн баарын кыдырып, кантип шайлоого катышарыбызды Токтогул, Аксыдан баштап Жалал-Абад, Ош, Баткенге чейин биздин баштапкы уюмдарды кыдырып, мүчөлөр, активдер менен жолугуп, 18-съезддин чечими менен тааныштырып жүрөбүз», — деп билдирди Абдрахманов.

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева партияда Абдрахмановду таанышпасын жана анын билдирүүлөрүнө жооп бербей турушканын айтты «Клоопко».

«Расмий түрдө КСДП — бул биз. Башкы прокуратура реестрге өзгөртүү киргизген Юстиция министрлигинин кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Абдрахмановду КСДПга тиешеси бар адам катары кабыл алуу — туура эмес», — деди Жолдубаева.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлигинин маалымат базасындагы КСДПнын жетекчилигинен 18-апрелде жоголуп кеткен — анын ордуна бул кызматка «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов жазылып калган. Ошондой эле Абдрахманов Атамбаевден өзүнө партиянын уставын, мөөрүн жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Юстиция министрлигинин маалымат базасында партиянын жетекчиси алмашып кеткендигинен улам иликтөө баштаган.

Азыр өлкөнүн эң чоң партиясы бир нече бөлүккө ыдырап кеткен. КСДП өзүн учурдагы бийликтин оппозициясы деп жарыялаган, бирок фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдошот.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында 2018-жылдын ортосунда пайда болгон. Кыймылдын 3-апрелдеги съездинде Абдрахманов партиянын төрагасы болуп шайланган. КСДП съездди «маскарапоздордун шоусу» деп атаган.

Ал эми Алмазбек Атамбаев өзү КСДПнын төрагалык кызматынан 25-майда кеткен.