Премьер-министр иштей албаган аткаминерлерди кызматтан алууну улантат — өкмөт

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев натыйжа бербеген ар бир өкмөт мүчөсүнүн отставкасын негиздүү деп эсептейт.

Ал мындай билдирүүнү эки министр отставкага кеткенден кийин жасады — экономика жана айыл чарба министрлеринин.

«Өкмөттүн мүчөлөрү аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгү үчүн премьер-министр саясий жоопкерчилик тартаарын жакшы билишет. [...] Абылгазиев мындан ары да өкмөттүн иштей албаган мүчөлөрүн кызматтан ала бермекчи», — деп билдирди Султаналиев.

Султаналиев кошумчалагандай, Абылгазиев аткаминерлерди кызматтарынан бошотуу тууралуу чечимди бардык жагынан талдагандан кийин жана «буга чейинки жасаган эмгегине, кайсы бир партияга мүчө экенине жана саясий көз карашына карабастан» кабыл алат.

Султаналиевдин айтымында, министрлер кабинетинин башчысы министрлердин алдында так максаттарды койгон жана жыйынтыктарды талап кылууда, ошол эле маалда ведомстволордун бардыгынын жетекчилерине саясий колдоо көрсөтүлүүдө. Өкмөттүн ар бир мүчөсү өз иш багыты үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

Басма сөз катчы президенттин багытын ишке ашыраарын жана өз программасын жүзөөгө ашыруу үчүн парламент менен тыгыз байланышта болуп атканын белгиледи.

Отставка жана кызматтан бошотуулар

Экономика жана айыл чарба министрлеринин отставкалары алардын иштери парламент жана коомчулук тараптан сынга алынган шартта болду.

Экономика министрлигинин башчысы Олег Панкратовду өлкөнүн аймактарына инвестициялар келбей калгандыгы үчүн катуу сынга алышкан. Айыл чарба министрин болсо ал дыйкандарга картошка эгүүнү сунуштаганы үчүн тилдешкен, анткени күзүндө картошкага болгон баа өз наркынан да түшүп кеткен.

Мындан тышкары, май айында мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясынын айланасында чыккан чыр-чатактардын шартында бир нече отставка орун алган. Анда ачык өкмөттүн катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиев жана Маалыматтык технологиялар мамкомитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев отставкага кетишкен. Ошондой эле премьер-министр өз аппарат жетекчиси менен анын орун басарын кызматтарынан бошоткон.

«КТ Мобайл» компаниясына байланыштуу чуу коомдук тармактарда фирманын жетекчилигинин абдан чоң маяналары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин башталган. Мындан тышкары, Иманкадыр Рысалиевдин уулу «КТ Мобайлдын» директорунун орун басары болгондугу белгилүү болгон. Ал эми Рысалиевдин үй-бүлөсү Мухаммедкалый Абылгазиев менен тууганчылык байланышта болуп чыккан.