«Тажрыйбасы болушу керек». Абылгазиев айыл чарба министри кызматына жаш ишкерди колдобой койду

Тилек Токтогазиев. Сүрөт: фейсбуктагы жеке барагынан

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер Тилек Токтогазиевдин айыл чарба министри кызматына талапкерлигин колдогон жок.

«Тилек Токтогазиев — көз карашы жаңы жаш ишкер. Күнөскана тармагындагы бизнесте иштейт. Бирок мен жаштыктан жана билимден тышкары, тажрыйба да болушу керек деп ойлойм», — деп билдирди өкмөт башчысы.

Министрлер кабинетинин башчысы кадрларды тандоодо талапкердин жаштыгына гана караган болбойт деп эсептейт. Абылгазиев айыл чарба министри кызматына ведомствонун учурдагы орун басары Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү.

Токтогазиев премьер-министрдин чечимине Чодуевди КТРКда ачык дебатка чакыруу менен реакция кылды.

«Тилекке каршы премьер-министр системанын кишисин колдоду. Ал киши 5 жылдан бери Айыл чарба министрлигинде министрдин орун басары болуп иштеп жүрөт. Кризиске алып келген команда. Булар жоопкерчиликти алыш керек», — деп жазган ишкер.

Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин 24-майда сунуштаган. Ал «Жашыл чарба» агрохолдингин негиздеп, жети жылдан бери өзүнүн бизнесин иштетип келүүдө.

Бизнесмен айыл чарба министрлик кызматына билдирме тапшырганы жаткан. Анын талапкерлигин «Бир Бол» фракциясы колдогон болчу.

Токтогазиев айыл чарбасын түп-тамырынан реформалоону сунуштаган. Ал биринчи кезекте министрликте толугу менен аудит өткөрүп, ведомствонун 5000 кызматкери канчалык натыйжалуу экенин текшергиси келип жаткан.

Ошондой эле ишкер жергиликтүү дыйкандардын продукциялырын чет өлкөгө чыгарууну пландап, Nestle компаниясына жашылча жемиштерди Кыргызстандан сатып алууну сунуштаган.

Айыл чарба министрлигинин мурдагы башчысы Нурбек Мурашев отставкага 23-майда кеткен. Анын отставкасынан бир-эки күн мурда ишкерлер Мурашевге «Кара көлөч» сыйлыгын берип, аны башка министрлердин ичинен «эң натыйжасыз» деп аташкан.

Ал дыйкандарга картошка эгүүнү сунуштагандыгы үчүн сынга алынган, анткени күзүндө картошканын баасы беш сомго чейин түшүп кеткен.