Башкы прокуратура Абылгазиевдин мүлкүн текшербейт

Прокурор Кумар Байдылаев 29-майда билдиргендей, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин мүлкү текшерилбейт, анткени текшерүү үчүн прокуратурага арыз түшкөн эмес.

Буга чейин депутат жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөшү Ирина Карамушкина премьер-министрдин жана президент Сооронбай Жээнбековдун, анын ичинде алардын үй-бүлөлөрүнүн мүлктөрүн алып коюуну талап кылган.

Ошондой эле ал «тактала элек маалыматтар боюнча» өкмөт башчысына баасы 400 миң долларды түзгөн Ысык-Көлдөгү эки коттедж таандык деп билдирген.

Карамушкинанын талабы Атамбаевдин тарапкери жана анын мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге карата козголгон кылмыш иштерине карата реакция болуп калган. Ал мыйзамсыз байыган делип айыпталып, үй-бүлөсү 20 млн сомго мүлк сатып берген деп шектелүүдө.

Ал эми экинчи иш боюнча Мусакеев, тагыраагы кызматтык батирлерди бөлүштүрүү боюнча 5 жылга соттолгон.

Карамушкина ушунун жана премьер-министрдин айланасындагы бир катар чуулардын шартында анын мүлкүн текшериш керек деп айтып чыккан.

Май айында Абылгазиев «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчи орун басары менен тууганчылык байланышта экени белгилүү болгон. Ал учурда коомдук тармактарда мамкомпаниянын жетекчилигинин айлыгы 300 миң сомду түзгөн деп айтылган маалымат пайда болгон.

Мындан кийин өкмөт Абылгазиевдин туугандары тууралуу маалыматты ачыктаган. Анда айрыкча Абылгазиевдин кызы Кыргызстандын ЖОЖунда окуйт деп айтылган, бирок журналисттер ал АКШнын колледжинин студенти экенин аныктап чыгышкан. Ошондо Абылгазиевдин басма сөз катчысы «так эместиктер кетирилгенин» билдирген.