Президент экономика жана айыл чарба министрлерин дайындады

Аткаминерлер Жогорку Кеңештин отурумунда. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-майда Санжар Муканбетов менен Эркинбек Чодуевди экономика жана айыл чарба министрлик кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Парламенттин депутаттары 29-майда Санжар Муканбетовдун экономика министри кызматына талапкерлигин бир добуштан жактырышкан. Ошондой эле эл өкүлдөрү Эркинбек Чодуевдин айыл чарба министри кызматына талапкерлигин да колдошкон, бирок мурдараак «Бир Бол» фракциясы бул кызмат ордуна ишкер Тилек Токтогазиевди сунуштаган эле.

Эки аткаминерди тең бул кызматтарга өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган. Өкмөт башчысы Токтогазиевдин талапкерлигин «тажрыйбасы жетишсиз» деген жүйөө менен четке кагып койгон.

Санжар Муканбетов буга чейин Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын эки жолу жетектеген — 2015 жана 2018-жылы. Бул дайындоолордун ортосунда ал вице-премьер-министр болуп эмгектенген. Эркинбек Чодуев 2014-жылдан тарта айыл чарба министринин орун басары болуп иштеп келген.

Министрликтердин мурдагы башчылары иштери сынга алынган шартта отставкага кетишкен. Оставкага чейин бир нече күн мурда ишкерлер Айыл чарба министрлигинин башчысы Нурбек Мурашевге «Кара көлөч» сыйлыгын тапшырып, аны башка министрлердин арасында «эң эле натыйжасыз» аткаминер деп аташкан.

Ал дыйкандарга картошка эгүүнү кеңеш кылып, а бирок күзүндө анын баасы түшүп кеткендиги үчүн сынга алынган.

Экономика министрлигинин мурдагы башчысы Олег Панкратовду өлкөнүн аймактарына инвестициялар келбей калгандыгы жана тамеки компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөгөнү үчүн сынга алышып, андан тышкары, анын экинчи паспорту бар деп айтып чыгышкан.