Активисттер «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин митингге чыкмай болушту

Жарандык активист Рита Карасартова 3-июнда антикоррупциялык миттингге чыгууга үндөдү. Ал өз кайрылуусун фейсбук барагында жарыялаган.

«Азыр биз чечкиндүү кадамга барбасак, эч нерсе оңолбойт окшойт. Сизди азыркы коррупция менен күрөш канаттандырабы? УКМКнын иши канаттандырабы? Миллиондор бюджетке түшпөй жатканы, ошол маселеге бийлик кош көңүл болуп, күрөш саясий багытка оогону сизди канаттандырабы?» — деп жазган Карасартова өз кайрылуусунда.

Активисттер «Азаттыктын» журналисттеринин Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн 700 млн долларга чукул акчанын Кыргызстандан чыгарылып кетишине байланышы бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөөсүнөн кийин митингге чыгууну чечишкен.

Иликтөөнүн автору Али Токтакунов колунда өлкөдөн аталган сумманын ичинен бери эле дегенде 250 млн доллары чыгарылганын тастыктаган документтер менен банктык дүмүрчөктөр бар экенин билдирген.