Абылгазиевдин бажасынын коркутуусу — Жамангулов Рысалиевдин үстүнөн арыз жазбай турган болду

«Ачык өкмөттүн» катчылыгынын мурдагы башчысы жана премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев бул тууралуу Kaktus.Media басылмасына айтып берген.

«Билдирүү ачык урушуудан кийин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Башкы прокуратура Жамангуловду мен анын үй-бүлөсүн коркутканмын деген арыз боюнча суракка чакырышкан. Андан кандайдыр бир далилдер барбы деп сурашкан экен. Көрсө жок экен», — деп билдирди Рысалиев.

Ал өзү да Жамангуловдун үстүнөн жазгысы келген арызынан баш тартканын кошумчалады.

Май айынын ортосунда «Мегаком» компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов анын дарегине Рысалиевден келип түшкөн бир нече коркутуулар тууралуу айтып берген. Рысалиев өзү Жамангуловдун сөздөрүн «курулуй жала жабуу» деп атап, башкы прокуратураны аны жоопкерчиликке тартууга чакырган.

Бул «КТ Мобайл» байланыш операторунун айланасында чыккан жаңжалдын шартында болду. Май айынын башында коомдук тармактарда компаниянын жетекчилигинин бир айлык маянасы 300 миң сомго чукул акчаны түзөт деп айтылган маалымат тарап кеткен. Компания айыптоолорду «жалган» деп атаган, андан көп өтпөй эле фирманын жетекчилеринин бардыгы өз кызматтарынан бошоп кетишкен. Кызматынан бошоп кеткендердин бири Иманкадыр Рысалиевдин уулу — Эрназар болгон.

Эрназар Иманкадыр уулу 30-майда өз маянасынын дээрлик 800 миң сомун «КТ Мобайл» компаниясынын кассасына кайтарып берээрин билдирген. Анын атасы Иманкадыр Рысалиев да «Ачык өкмөттөгү» кызматынан ушул чуунун шартында отставкага кеткен.