Депутат Бекешев Искендер жана Ислам Матраимовдорду кызматтарынан убактылуу кете турууга чакырды

Дастан Бекешев

Эл өкүлү Дастан Бекешев 31-майда «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылгандыгы тууралуу журналисттик иликтөөсү боюнча өз билдирүүсүн жарыялады. Журналисттердин айтымында, буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн.

Депутат өз кайрылуусунда парламент боюнча кесиптеши Искендер Матраимовго кызыкчылыктар кагылышына туш болбош үчүн парламенттин укук тартиби жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалык кызматынан кетүүнү сунуштады. Ошондой эле Бекешев Ислам Матраимовго да жумушун убактылуу токтото турууну сунуштаган — ал финполго караштуу ички иликтөө башкармалыгын жетектейт.

«Башкы прокуратура шашылыш түрдө “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” мыйзамды аткарып, “Азаттыктын” журналисттерин коргоого алышы керек. ЖМКнын билдирүүсүн КЖБРге каттап, УКМКнын антикоррупциялык кызматына финпол, финансылык чалгындоо жана бажы кызматы менен биргеликте журналисттик иликтөөдө айтылган фактылар боюнча шашылыш түрдө иликтөө баштоону тапшырышы керек», — деп жазды Бекешев.

Парламентарий Искендер Матраимов vesti.kg басылмасына курган маегинде учурда журналисттердин билдирүүлөрүнө жооп даярдалып жатканын айткан. «Бул товар жүгүртүүнүн акчалары болчу. Кеңири маалыматтарды кийинчерээк беребиз», — деп келтирген басылма анын айткандарын.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 31-майда финполго, финчалгынга жана улуттук банкка «Азаттыктын» журналисттери өз иликтөөсүндө келтирген маалыматтарды текшерүүнү тапшырган. Абылгазиев буга чейин да финполго төрт жарым айдан ашык уланып жаткан Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүүнү тапшырган болчу.

Активист Рита Карасартова билдиргендей, 3-июнда Бишкекте парламенттин имаратынын алдында коррупцияга каршы митинг өтөт.