Күндүн посту: «Жаңы муун Кыргызстандан Аргентинага чейин бардыгы үчүн эң мыкты дүйнө жаратат» — АКШнын экс-президенти Барак Обама

Барак Обама менен Аида Касымалиева Оттава шаарында өткөн «Ачык өкмөт» форумунда

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама өзүнүн фейсбугунда бүткүл дүйнөнүн жаш саясатчылары менен жолугушуусу тууралуу айтып берди.

On Friday, I had a chance to meet with some inspiring young leaders from around the world who were in Ottawa last week...

Posted by Barack Obama on Sunday, June 2, 2019

«Акылдуураак жана мыкты өкмөт үчүн жаңы технологияларды колдонуу жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында жаңы муун Кыргызстандан Аргентинага чейин башкаруу бийлигин колуна алып жатканын көрүп турабыз. Бардыгыбыз үчүн мыкты дүйнө жарата турган мындай нерселер шыктандырат», — деп айтылат Обаманын билдирүүсүндө.

«Ачык өкмөттүн» ишине арналган форум Оттава шаарында 31-майда болуп өттү. Обама менен жолугушууга Кыргызстандан парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева барган.

Касымалиева АКШнын экс-президентин «адамдардын ысымдарын дароо жаттап кала алган» «тарыхый инсан» катары сүрөттөдү.